Коом
Баткенде 10 үй-бүлөгө турак жай берилди
Элита плюс
Декабрь 04, 2022 г.
Көрүүлөр: 155
Баткен районунун Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылында социалдык жактан муктаж болгон 10 үй-бүлөгө батирлер тапшырылды.
Маалыматка караганда, аталган батирлер мындан 1 жыл мурда курулуп баштаган. Шаарча 12 турак үйдөн, алардын ар бири 4 батирден турат. Бардык шарттар түзүлгөн. Андан сырткары шаарчада ФАП, бала бакча, тигүүчү цех жана мечит курулуп, ар бир үй таза суу менен камсыз болгон.
Үйлөр багуучусу, турак жайы жок балалуу аялдарга кайтарымсыз берилди.