Аймактар
Баткен жана Ош облустарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө
Элита плюс
Июль 29, 2020 г.
Баткен жана Ош облустарында селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө
© Элита плюс

Баткен жана Ош облустарында селдин кесепетин жоюу иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Алай районунда 28-июлда нөшөрлөп жааган жамгырдан кийин кокту-колоттон келген сел суудан улам Ош – Сары-Таш – Эркеч-Там автожолунун 114-чакырымын көлөмү болжол менен 1 500 куб метрлик кум-шагылга толуп калган. Унаалардын өтүүсүнө кыйынчылык жаралгандыктан атайын техника тартылып, жол тазалана баштаган. Бул иш бүгүн да уланууда. Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Көтөрмө айыл аймагында 28-июлда сел жүрүп, Гайрат айылындагы төрт үйдүн короосуна, бир үйдүн ичине сел суусу кирген. Ошондой эле Кадамжай –Шахимардан автожолу кум шагылга толгон. Кырсыктын кесепетин жоюу иштери жүрүп жатат. Адам өмүрүнө зыян келген учур катталган жок.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 28-июлдан 2-августка чейин тоолуу аймактарда сел коркунучу жогору экенин эскерткен.