Аймактар
Баткен: Тажик фураларындагы жүктөр көрсөтүлдү
Элита плюс
Май 12, 2021 г.
Баткен: Тажик фураларындагы жүктөр көрсөтүлдү
© Элита плюс
Баткен: Тажик фураларындагы жүктөр көрсөтүлдү
© Элита плюс
Баткен: Тажик фураларындагы жүктөр көрсөтүлдү
© Элита плюс
Баткен: Тажик фураларындагы жүктөр көрсөтүлдү
© Элита плюс

11-май күнү Баткен шаарында тажик жарандарынын оор жүк ташуучу 3 унаасы эл тарабынан токтотулган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы ал жүк ташуучу унаалар менен Орусиядан күнүмдүк керектелүүчү буюмдар ташылып келе жатканын кабарлады.

Баткен шаарында тажик жарандарынын оор жүк ташуучу 3 унаасы эл тарабынан токтотулганда милиция кызматкерлери одоно мамиле жасап, ошол жерде турган жергиликтүү тургундар менен сөгүшүп жаткан видеолору соцтармактарда тараган. Баткен облустук ички иштер башкармалыгы ал кызматкерлердин ишине баа берилерин кабарлады.

Милициянын маалыматына караганда, облустун кире беришинен кармалган оор жүк ташыган автоунаалар кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларга байланыштуу 7-майдан бери милиция кызматкерлери тарабынан токтотулуп турат.

Алар 11-майда ички иштер башкармалыгынын автоунаа токтотуучу жайына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын коштоосунда Баткен шаарына алынып келе жаткан. Орто жолдо жергиликтүү тургундар менен түшүнбөстүктөр чыккан.