Аймактар
Баткен шаарынын эки миңдей тургуну таза суу менен камсыз болду
Элита плюс
Апрель 05, 2023 г.
Баткен шаарынын эки миңдей тургуну таза суу менен камсыз болду
© Элита плюс

Баткен шаарынын Чет-Булак, Туура-Таш участкаларынын жана Самат Садыков көчөсүнүн жашоочуларына ичүүчү суу берилди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаардык мэрия тарабынан 2 млн сом бөлүнүп, жер астындагы 80 метр тереңдиктен суу чыгарылган. Азырынча таза суу көчөдөгү суу түтүктөрүнө берилүүдө. Алдыда ар бир үйгө таза суу киргизүү жумуштарын шаардык “Таза суу” ишканасы “Дүйнөлүк Эмират” кайрымдуулук уюму менен бирге ишке ашырат.

Облус башчысы Абдикарим Алимбаев таза суу объектисине барып, суу жетпеген башка аймактарда да ушундай жумуштарды ишке ашырууну колго алуу зарылдыгын белгиледи.

Суунун сапатына Санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан лабороториялык изилдөөлөр жүргүзүлүп, талапка ылайык деп аныкталган.