Коом
Баткен облусунун аймагында күчү 5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды
Элита плюс
Декабрь 26, 2020 г.
Баткен облусунун аймагында күчү 5 баллга чейин жеткен жер титирөө катталды
© Элита плюс

Бүгүн, 26-декабрда Баткен облусунун аймагында жер титирөө катталды. ӨКМнын маалыматына ылайык, жер титирөө саат 16:28де байкалган.

Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөө Баткен облусунун Кадамжай районунун Кадамжай шаарында, Пүлгөн, Таш-Кыя айылдарында 5 балл, Көтөрмө, Гайрат айылдарында 4 балл, Кызыл-Кыя шаарында 3,5 балл, Ош облусунун Ноокат районунун Кызыл-Булак айылында 4 балл, Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылында 3,5 баллга чейин сезилген. Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.