"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Аймактар
Баткен облусундагы эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү
Элита плюс
Май 10, 2021 г.
Баткен облусундагы эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү
© Элита плюс
Баткен облусундагы эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү
© Элита плюс
Баткен облусундагы эвакуацияланган жарандар үйлөрүнө жөнөтүлдү
© Элита плюс

Облустагы кырдаалга байланыштуу түзүлгөн облустук штабдын чечимине ылайык, Кыргыз-Тажик чек арасындагы куралдуу кагылышуулардан улам, коопсуз жайга чыгарылган тургундар үчүн атайын транспорттор уюштурулуп, үйлөрүнө жөнөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Анда Баткен шаарында 9 пунктта жайгашып турган Баткен районунун жарандары менен өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жолугуп, чек ара аймактарында күч түзүмдөрү күчөтүлгөн тартипте иштеп, жарандардын коопсуздугун камсыздоо боюнча бардык чаралар көрүлүп жатканын, турак жайсыз калган үй-бүлөлөргө убактылуу үйлөр курулуп даярдалганын билдирген.

Учурда аймакта калыбына келтирүү жумуштары башталган, биринчи кезекте жарандарды турак жай менен камсыздоо аракеттери жүрүп жатат.


Белгилей кетсек 28-29-апрелде болгон чек арадагы окуядан, облуста акыркы такталган маалыматтар боюнча 40 649 адам көчүрүлгөн болсо, анын 16147 аялдар, 23931 балдар.
Ал эми Баткен району боюнча 14361 жаран, Лейлек району боюнча 26288 адам эвакуацияланган болчу.