Парламент
Башкы прокуратура шайлоо мыйзамын сактоого чакырат
Элита плюс
Сентябрь 21, 2020 г.
Башкы прокуратура шайлоо мыйзамын сактоого  чакырат
© Элита плюс

 

Башкы прокуратура шайлоо мыйзамынын сакталышы боюнча ишти улантып жатканын жарыялады. Анын жүрүшүндө Жогорку Кеңешке ат салышып жаткан партиялардын биринен депутаттыкка талапкер катары катталган жаран Норвегиянын Кыргызстандагы ардактуу консулу экени аныкталды. Муну менен консулдукта иштегендердин саясий ишке аралашуусуна тыюу салынган мыйзам бузулганы маалым болду. Башкы көзөмөл органы мыйзам бузуу фактыларын жоюу боюнча Тышкы иштер министрлигине кат жөнөттү. Ошондой эле дагы бир саясий партиясынан Кадамжай райондук аймактык шайлоо комиссиясына мүчө болгон адам Социалдык фонддун жергиликтүү мекемесинин башчысы экени аныкталды. Борбордук шайлоо комиссиясы менен Социалдык фонддун жетекчилигине маселенин мыйзамга шайкештигин карап чыгып, чечим кабыл алуу сунушталды.