Парламент
Башкы прокуратура: Добуш сатып алуу фактысы боюнча материалдар тергелүүдө
Элита плюс
Октябрь 01, 2020 г.
Башкы прокуратура: Добуш сатып алуу фактысы боюнча материалдар тергелүүдө
© Элита плюс

Жарандардын добушун сатып алуу фактысы боюнча 56 материал иликтенип жатат, шайлоо документтеринин фальсификациясы боюнча 27 материал тергелүүдө. Бул тууралуу Башкы көзөмөл органы кабарлайт.

Шайлоочулар буга чейин «Форма 2» боюнча массалык каттоо болгонун айтып, чара көрүлүүсүн талап кылышкан.

Мыйзам боюнча, шайлоочулардын тизмесин түзүү, аларды «Форма 2» боюнча каттоо – шайлоо комиссияларынын милдетине кирет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, өлкөдө 488 миң 873 жаран «Форма 2» аркылуу шайлоо дарегин алмаштырууга арыз берди.

Жалпы шайлоочулардын саны 3 млн 523 миң 532 адам.