Коом
Барымтага алынган аял ооруканада каза болду
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Барымтага алынган аял ооруканада каза болду
© Элита плюс

Бишкек шаарында жигити тарабынан барымтага алынып, бычак сайылган аял ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий-изилдөө борборунан билдиришти. Маалыматка караганда, жабыркаган аял оор абалда ооруканага түшкөн. Ал кечээ кечки саат тогуздар чамасында оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, 17-июнда белгисиз адам кызганычтан улам чогуу жашаган аялды барымтага алып, бычак менен аны жарадар кылган. Кармалган 36 жаштагы адам Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына камалган.