Аймактар
Балыкчыда дагы бир коомдук алдын алуу борбору ишке берилди
Элита плюс
Март 23, 2023 г.
Балыкчыда дагы бир коомдук алдын алуу борбору ишке берилди
© Элита плюс
Балыкчыда дагы бир коомдук алдын алуу борбору ишке берилди
© Элита плюс
Балыкчыда дагы бир коомдук алдын алуу борбору ишке берилди
© Элита плюс

Балыкчы шаарында дагы бир коомдук алдын алуу борбору ишке берилди. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ачылышка президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Илияз Иманбетов, Ысык-Көл облусунун ички иштер башкармалыгынын башчысы Орунбай Кочкоров, шаардын мэри Азамат Арнабек уулу, шаардык милициянын өздүк курамы жана ардагерлери, ошондой эле шаардын жашоочулары катышты.

Коомдук алдын алуу борборунун жаңы имараты "Жаштар" шаардык паркынын жанында жайгашкан, анда милициянын участкалык ыйгарым укуктуу кызматкерлери күн сайын кызмат өтөшөт. Милиционерлерге аксакалдар, жаштар жана аялдар кеңеши колдоо көрсөтүп, жардам көрсөтөт. Имарат шаардын калкына сервистик кызматтарды көрсөтүү үчүн бардык зарыл шарттар менен жабдылган.

Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысы Бектур Осмоновдун айтымында, укук тартибин сактоо жана калктын кызыкчылыктарын коргоо маселеси милициянын тыкыр кароосунда турат.