Медицина
Балдардын башкы хирургу Талант Өмүрбеков ооруканага түштү
Элита плюс
Январь 20, 2021 г.
Балдардын башкы хирургу Талант Өмүрбеков эки тараптуу пневмония менен ооруканага түштү. Бул маалыматты Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев тастыктады.
Анын айтымында, Т.Өмүрбеков ооруканага 19-январда жеткирилген.
«Учурда абалы оор, оорукананын жандандыруу бөлүмүндө. Бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат», - деди дарыгер.
Булак: Баракелде