Саясат
Балбак Түлөбаев жаңы кызматка дайындалды
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
Балбак Түлөбаев жаңы кызматка дайындалды
© Элита плюс

Акылбек Осмоналиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, анын ордуна Балбак Түлөбаев Ысык-Көл облусунун башчысы болуп дайындалды. Тиешелүү буйруктарга премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.