Саясат
Балбак Түлөбаев эмгек жамаатка тааныштырылды
Элита плюс
Июль 27, 2020 г.
Балбак Түлөбаев эмгек жамаатка тааныштырылды
© Элита плюс

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлү кызматына жаңы дайындалган Балбак Түлөбаев бүгүн эмгек жамаатка тааныштырылды. Түлөбаевди Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров тааныштырды. Ал 1972-жылы 21-сентябрда Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. Эмгек жолун 1996-жылы Түркиянын Стамбул шаарындагы камсыздандыруу компаниясында баштаган. Жогорку Кеңештин депутатынын жардамчысы, Президенттин иш башкармалыгынын жетекчисинин кеңешчиси, президенттин иш башкармалыгынын башчысынын орун басары кызматтарын аркалаган. "Айат" гезитинин башкы редактору, "Аю-Холдингдин" президентинин кеңешчиси болгон. 2018-жылдын августунан ушул күнгө чейин Бишкек шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси болуп иштеп келе жаткан.