Коом
"Балалык” жаңы сейил багынын курулуш иштери уланууда
Элита плюс
Август 21, 2020 г.
"Балалык” жаңы сейил багынын курулуш иштери уланууда
© Элита плюс

 Бишкек шаарындагы "Балалык” жаңы сейил багынын курулуш иштери уланууда. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы  кабарлады. Маалыматка караганда, учурда 10 гектар аянттагы сейил бакта үч оргуманын (фонтан) пайдубалы түптөлүп бетондолду. Электр тармактары, суу менен камсыздоо жана канализация түйүндөрү өткөрүлдү. Үч коомдук даараткананын курулуш иштери аяктады. Ал эми учурда таман таштарын, тротуардык жолдорду жана арыктарды салуу иштери жүрүүдө. Аталган сейил бак Токомбаев жана Байтик Баатыр көчөлөрүнүн кесилишинде, Дайыр Асанов атындагы сейил бактын маңдайында жайгашкан.
Курулуштун наркы 74,7 миллион сомду түзүп, шаардык бюджеттин каражатына курулуп жатат.