Коом
Бала бакчалар белгиленген алгоритм боюнча иштейт
Элита плюс
Август 11, 2020 г.
Бала бакчалар белгиленген алгоритм боюнча иштейт
© Элита плюс

Бала бакчалар жана мектепке даярдоо класстары менчик түрүнө карабай белгиленген алгоритм иштейт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билим берүү министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Анын айтымында, бала бакчалардын жетекчилери бардык санитардык эрежелерди сактап, кызматкерлердин жана балдардын саламатыгынын коопсуздугун камсыз кылышы керек.

Аны менен бирге ал балдарды зарыл учурда жана 3 саатка гана караганга калтырып кетүүгө боло турган нөөмөт топторун түзүү каралып жатканын билдирди.

Мектепке даярдоо класстары төмөнкү тартип боюнча иштейт:

- Аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша Санитардык-эмидемиолгиялык көзөмөл борборунун чечими менен кадимки тартипте ийкемдүү график боюнча (балдардын жана мугалимдердин саламаттыгына кооптуулук жаратпай) иштей алат.

- Аймактагы эпидемиологиялык кырдаалга жараша дистанттык окуу.