Коом
"Бала бакчалар качан ачылат?
Элита плюс
Ноябрь 27, 2020 г.
"Бала бакчалар качан ачылат?
© Элита плюс

26-ноябрда Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берди.

Министрге эң көп берилген суроолор онлайн жана оффлайн форматтагы окуу процессине байланыштуу болду.

Алардын арасынан "Бала бакчалар качан иштеп баштайт?" деген суроого министр төмөндөгүдөй жооп берди.

"Азыркы күндө 1 миң 616 бала бакчадан 168 гана бала бакча иштеп жатат. Булардын көбүнчөсү, алсак, 134тү жеке менчик бала бакчалар. Калгандарын ачуу боюнча алгоритмдерди даярдадык. Коронавирус боюнча кырдаал азыр турукташып бара жатат. Абал жакшыраары менен Саламаттыкты сактоо министрлиги менен сүйлөшүп, ачып баштайбыз" , - дейт Бейшеналиев.