Коом
Бала бакча курулушу башталды
Элита плюс
Июнь 19, 2020 г.
Бала бакча курулушу башталды
© Элита плюс

Бишкекте №12 бала бакчанын жаңы корпусунун курулушу башталды. Жалпы аянты 416 чарчы метрди түзгөн 1 кабаттуу мектепке чейинки даярдоо мекемесинин пайдубалын түптөө аземине шаардык кеңештин жана мэриянын өкүлдөрү катышты. Долбоордун жалпы суммасы 17 миллион сомду түзөт. Каражат шаардык бюджеттен бөлүндү. Түзүлгөн келишимге ылайык, №12 бала бакчанын жаңы корпусунун курулушу ушул жылдын аягына чейин жыйынтыкталат.