Парламент
Бакыт Төрөбаев: "Өнүгүү -Прогресс" партиясы алдыдагы шайлоого катышат
Элита плюс
Октябрь 07, 2020 г.
Бакыт Төрөбаев: "Өнүгүү -Прогресс" партиясы алдыдагы шайлоого катышат
© Элита плюс
Бакыт Төрөбаев: "Өнүгүү -Прогресс" партиясы алдыдагы шайлоого катышат
© Элита плюс
Жогорку Кеңештин депутаты Бакыт Төрөбаев бүгүн "Өнүгүү -Прогресс" партиясы алдыдагы шайлоого катышарын билдирип, фейсбуктагы баракчасына жазды.
 
“ӨНҮГҮҮ-ПРОГРЕСС” ПАРТИЯСЫ АЛДЫДАГЫ ШАЙЛООГО КАТЫШАТ.
Урматтуу мекендештер!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, биз парламенттик шайлоого бир катар себептерден улам катышкан эмеспиз. Анын биринчи себеби өлкөдөгү пандемия болсо, экинчиси бул шайлоодо эл партиялар сунуштаган идея, программа үчүн добушун берген жок. Бул шайлоодо аң сезим менен напсинин, калыстык менен кайдыгерликтин ортосунда кармаш болду. Мындан улам БШК шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарды.
Өткөн шайлоодо акча менен админ ресурстун басымы терс натыйжа берерине күбө болдук. Ошондуктан, парламенттик шайлоо ачык, таза, калыс өтөт деп ишенем.
“Өнүгүү-Прогресс” партиясы мамлекеттин казынасына кол салбаган, интригаларга аралашпаган таза адамдардан турат. Андыктан, келээрки шайлоого катышуу чечимин кабыл алдык." -деп билдирген. 
 
Кошумчалай кетсек, "Өнүгүү -Прогресс" партиясы 4-октябрдагы өткөн шайлоого катышкан эмес.