Пайдалуу кеңеш
Бактыгүл КОЙЧИЕВА, косметолог: «Бетке кам көрүүнүн убактысы чектелүү эмес»
Бала кезинен сулуулук тармагына кызыккан Бактыгүл айым мектепти ийгиликтүү аяктаган соң эч ойлонбостон косметология тармагына аралашып, корей устаты Ноннадан көптөгөн сулуулук сырларын үйрөнгөн. Кийин тажрыйбасын тереңдетүү максатында мындан 5 жыл мурун Корея мамлекетинен косметология тармагында билим алып келген. Көп жылдык тажрыйбасы бар мыкты адис Бактыгүл учурда 2 сулуулук салонун иштетүү менен бирге 3 кыз, 1 уулдун мээримдүү энеси, жолдошунун сүйүктүү жары.
“Бет тери дагы дем алууга укуктуу”
- Көпчүлүк 25-35 жаштагы айымдардын жүзү таза, тунук көрүнөт. Себеби алар декоративдик косметиканы көп колдонгондуктан безеткини же беттеги тактарды жашыруу үчүн тоналдык бет майды катма-кат коюп алышат. Мен ошол нерсени өкүнүчтүү карайм. Алар бетине тоналдык бет май коюп бет териге зыян келтирүү менен бирге убактылуу тактарды жаппастан, ошол эле учурда бет терисинин дем алышына тоскоолдук жаратышат. Ошондуктан айымдарды тоналдык бет майларды көп колдонбоого чакырам. Же болбосо тоналдык бет майды колдонгондон кийин 3-4 сааттын ичинде жууп салуу туура. Себеби биздин бет терибиз дагы таза абага чыкканда дем алууга укуктуу. Ал эми 35-40 жаштагы айымдардын бетке кам көрүүдөгү кетирген каталарынын бири - картайдым деп өзүн таштап коюу, же 25 жаштагы сулуулугун кайтарып алууну максат кылып тез-тезден пластикалык операция жасатуу да туура эмес.
“Өзүңдү сүйө билүүнүн пайдасы көп”
-Негизи жаш балдарга косметолог тууралуу 7 жаштан баштап түшүндүрмө берүү керек. Ал эми 10-12 жаштан баштап адиске кайрылып кеңешип жөн гана өз терисине ылайыктуу бет жуучу каражат жана бет майды алып колдонгону туура. Жаш өспүрүмдөрдүн бетине безетки чыгып же терисинин жаман акыбалда болуусу бул өспүрүмдүн өзүнө болгон ишенимин жоготуусуна алып келет. Бардык айым сулуу, сулуу эмес айым болбойт. Болгону өзүн жакшы көрбөгөн, өзүн сыйлабаган гана айымдар бар. Андыктан балдарыбыздын келечеги кең жана ой жүгүртүүсү жогору, акылдуу илимдүү. Ошондой эле анын жакшы жашоодо жашоосун кааласаңыз, анда бардыгын өзүңүздөн баштаңыз. Мисалы, сиз кызыңызга үлгү болуп бериңиз. Ал үчүн азыртадан жүзүңүзгө кам көрүңүз. Өзүңүздү сүйө билип, бактылуу жар, камкор апа болуңуз. Алдыга план коюп, максаттарды ишке ашырыңыз.
“Үй шартында кам көрүү оң жыйынтык берет”
- Ар бир айым келишимдүү жана келбеттүү болууну каалашат. Бул үчүн көптөгөн аракеттер керектелет. Андыктан сулуулукка байланыштуу бет терисине кам көрүү ыкмаларын үй шартында жасоо менен жакшы жыйынтыкка жетсе болот. Бет терисине, деги эле сулуулукка жаш курактан баштап эле кам көрүү керек. Ал үчүн бет терисинин абалын туура аныктап, косметолог адистердин кеп-кеңешин алып туруу маанилүү. Сөзсүз эле кымбат баалуу сулуулук борборуна барып туруу милдеттүү эмес. Сиз үй шартында бет териңизге кам көрбөсөңүз, кымбат баалуу косметологиялык процедураларын дагы бет терисин жакшыртууга күчү жетпейт. Ошондуктан жалкоолуктан алыс болуп, күнүнө жок дегенде 15-20 мүнөттү өзүңүзгө арнаңыз. Эгер бет териге үй шартында 80 пайыз туура кам көрүлсө, косметолог адистерге ай сайын барып процедура алуунун кажети жок.
“Бир бет май менен чектелип калбаңыз”
-Биринчиден, бет терини туура аныктап, андан кийин ага туура дал келүүчү каражаттарды колдонуу керек. Азыркы учурда биздин айымдар бет терисине туура келеби, жокпу, ойлонбостон эжеси, курбусу, кошунасы сунуштаган пайдасыз бет майларды алып жөнү жок акчаларынан кол жууп калышат. Ошол эле суммадагы акчага өз ишин мыкты билген адистин сунушу менен бет май алсаңыз болорун эске салгым келет. Ошону менен бирге эле аял кишинин бетин бир түрлүү бет май оңдой албайт. Бет май сүйкөгөнүңүзгө жараша сиздин туура бет тазалоочу, жуунуучу каражат, терини тазалоочу гидрофиль майы, нымдаштыруучу тоннер, азыктандыруучу сыворотка сыяктуу ар түрдүү этаптан турган каражаттарыңыз болуусу зарыл. Эч убакта бир бет май менен чектелип калбаңыз. Жогоруда айткандай, ким эмнени мактаса эле ала берип бет терисин бузуп алгандар аз эмес. Андан сырткары айымдар кош бойлуу учурунда бет терисин жакшы карабайт. Төрөгөндөн кийин карайм деп жүрө беришет. Бетке кам көрүүнүн убактысы чектелүү эмес. Үй гүлдөрүн өстүрүүдө гүлгө кандай кам көрсөңүз, бетиңизге дагы күндө эртең менен, кечинде убакыт бөлүү туура.
“Сулуу болом десеңиз, туура тамактана билиңиз”
-Бетке бир эле мезгилде кам көрүп токтотуп коюу туура эмес. Беттин териси адамдын ички органдарынан көз каранды. Андыктан туура тамактануу абдан маанилүү. Азыр күз мезгили болгондуктан жеңил тамактарды жеп, өзгөчө жашылча-жемиштерге басым жасоо керек. Жай мезгилинде адамдын организми суюктукту көп талап кылат. Ошондуктан күнүнө 1,5-2 литрден кем эмес суюктук ичүү абзел. Андан сырткары күндүн нуру абдан активдүү болгондуктан күн нурунан коргоочу каражаттарды 2 саат сайын жаңылап туруу туура. Үй шартында бетке кам көрүүдө дагы абдан кылдаттык менен мамиле жасоо зарыл. Өзүм билемдик менен ар кайсы каражаттарды колдоно берүү дагы териңизге зыянын тийгизет.
“Эскирген терини чечип салып, жаңыны сатып алуу мүмкүн эмес”
-Көптөгөн айымдар бетке кам көрүү маселесине келгенде өтө олуттуу каталарды кетиришет. Беттин териси - бул табияттан өмүрүбүздүн акырына чейин берген белек. Эскирген терини чечип салып, жаңыны сатып алуу мүмкүн эмес. Мен бул макалада үй шартында жашына, жынысына беттин тибине карабастан туура кам көрүүнүн башкы эрежелерин жана негизги кадамдарын айтып өттүм. Индивидуалдык түрдө косметикаларды өзүңөр тандайсыңар, бетке кам көрүүдө негизги эки эрежени туура сактоо керек. Булар - регулярдуулук жана бетке күн сайын эртең менен, кечинде кам көрүү. Ал болгону 10-15 мүнөттүк убакытты алат жана күнүмдүк адат болуп калышы ыктымал. Эгерде бет териңиз идеалдуу болушун кааласаңыз, келип үйрөнүп алыш талапка ылайык.
“Кеңешимди берүүгө даярмын”
- Дайыма косметологдорго барып ар кандай процедураларды ала албаган айымдардын саны абдан көп. Андыктан ал айымдарга арнап атайын үй шартындагы колдонулуучу өтө жөнөкөй жана натыйжалуу, пайдалуу маскалардын түрүн менин Инстаграм koreya_kosmetika_kg_kosmetolog баракчаман көрө аласыздар. Ал жакта дал ошол үй шартында сулуулукка туура көм көрүү, пайдасы, колдонуу жолдору, этаптары түшүнүктүү, жөнөкөй түрдө көрсөтүлгөн. Эгер кандайдыр бир суроолор жаралып, же менин кеңешиме муктаж болсоңуздар, 0708 98 75 89 телефон номери аркылуу байланышсаңыздар болот. Кеңешимди берүүгө даярмын.
Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА