Бактыбек Райымкулов: "Суусамырдын Кызыл-Ой айылында азыркыга чейин интернет байланышы жок"
Элита плюс
Март 11, 2021 г.
Бактыбек Райымкулов: "Суусамырдын Кызыл-Ой айылында азыркыга чейин интернет байланышы жок"
© Элита плюс

Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында бир катар социалдык-экономикалык маселелер көтөрүлүп, шайлоочулардын кайрылуулары айтылды.

Алсак, депутат Бактыбек Райымкулов табияты катаал Суусамыр айыл аймагындагы көйгөйлөргө токтолуп: "Суусамыр-Арал" жолунун начардыгы тууралуу маселе көптөн бери эле көтөрүлүп келе жатканына карабай, көйгөй чечилбей келет. Андан тышкары, Суусамыр айыл аймагына караштуу Кызыл-Ой айылында азыркыга чейин  интернет байланышы жок. Пандемия маалында окуучулар онлайн окуй албай кыйналышты. Мугалимдер ар бир окуучунун үйүнө барып сабак өтүүгө аргасыз болду. Андыктан, Өкмөт аталган маселелерди ыкчамдатып чечүүнү колго алышы зарыл", - деди.