Коом
Бактыбек Чойбеков Талас районундагы 13 айыл өкмөткө 1 100 000 сомдук жардам көрсөттү
Элита плюс
Июль 24, 2020 г.
Бактыбек Чойбеков Талас районундагы 13 айыл өкмөткө 1 100 000 сомдук жардам көрсөттү
© Элита плюс

Жалпы дүйнөнү каптаган илдет бизге дагы келип, өлкөбүз кыйын күндөрдү башынан өткөрүүдө. Мындай учурда жалпы элибиз биригип, ар бири колунан келген жардамдарын көрсөтүп келишүүдө. Алардын катарында агабыз Бактыбек Чойбеков дагы четте калбай, өзүнүн демилгеси менен 23-июль күнү Талас районундагы 13 айыл өкмөтүнө керектелүүчү негизги медициналык каражаттар жана дары-дармектер түрүндөгү жалпы суммасы 1 100 000 сомдук жардам көрсөттү. Ар бир айыл өкмөтүнө бүгүнкү күндө абдан зарыл болуп турган кычкылтек концентраторлору, пульсоксиметрлер, тепловизорлор, жеке коргоочу каражатта (СИЗ), респираторлор ж.б. жабдыктар, клексан, гепарин, оксапар сыяктуу тартыш болуп жаткан дары-дармектер тапшырылып берилди. Андан тышкары, вирус менен күрөшүүдө алдыңкы катарда турган ак халатчан баатырларыбызга, К.Токтогулов атындагы Талас аймактык ооруканасынын дарыгерлеринини жалпы курамына дагы акчалай колдоо көрсөтүлдү.
Бактыбек Чойбеков агабызга терең ыраазычылык билдирем. Ишиңизге ийгилик каалайм. Ар дайым эл кызматында болуңуз!