Ийгилик сыры
Бактыбек ЧОЙБЕКОВ: «Кыйын турмуш, оор күндѳр чыдамдуулукка тарбиялады»
Элита плюс
Январь 11, 2021 г.
Бактыбек ЧОЙБЕКОВ:  «Кыйын турмуш, оор күндѳр чыдамдуулукка тарбиялады»
© Элита плюс
Бактыбек ЧОЙБЕКОВ:  «Кыйын турмуш, оор күндѳр чыдамдуулукка тарбиялады»
© Элита плюс
Бактыбек ЧОЙБЕКОВ:  «Кыйын турмуш, оор күндѳр чыдамдуулукка тарбиялады»
© Элита плюс
Бактыбек ЧОЙБЕКОВ:  «Кыйын турмуш, оор күндѳр чыдамдуулукка тарбиялады»
© Элита плюс
Бактыбек ЧОЙБЕКОВ:  «Кыйын турмуш, оор күндѳр чыдамдуулукка тарбиялады»
© Элита плюс
Бактыбек ЧОЙБЕКОВ:  «Кыйын турмуш, оор күндѳр чыдамдуулукка тарбиялады»
© Элита плюс
Бактыбек ЧОЙБЕКОВ:  «Кыйын турмуш, оор күндѳр чыдамдуулукка тарбиялады»
© Элита плюс
Бактыбек ЧОЙБЕКОВ:  «Кыйын турмуш, оор күндѳр чыдамдуулукка тарбиялады»
© Элита плюс
Бактыбек ЧОЙБЕКОВ:  «Кыйын турмуш, оор күндѳр чыдамдуулукка тарбиялады»
© Элита плюс

«Баланы башынан» демекчи, бала кезинен татыктуу тарбия кѳрүп, билим, илимге кызыккан Бактыбек Чойбеков - кыргыздын патриот мырзаларынын бири. Ал буга чейин жеке ишкер катары коомдук социалдык кѳйгѳйлѳрдү чечип, пандемия убагында Бишкек, Талас шаарларынын тургундарына чоң суммадагы акча каражатын жумшап азык-түлүк, медициналык жабдыктарды, коргонуучу каражаттардын түрүн алып берген. Эл үчүн күйгѳн эр азаматтын кылган эмгегин баалаган адамдар аз эмес.

- Бактыбек мырза, алгач ѳзүңүздүн бала чагыңыз тууралуу айтып берсеңиз.

- Мен 1977-жылы Талас облусуна караштуу Талас районундагы Кѳк-Ой айылында тѳрѳлүп-ѳсүп, мектепти дагы аталган айылда аяктадым. Балалыгым мен каалагандай ѳткѳн жок. Атаман 6 жашымда айрылып, чоң-ата, чоң-энемдин колунда чоңойдум. Апам күйѳѳдѳн эрте жесир калгандыктан жалгыз жашоону улантуу жеңил болгон эмес. Атасыз ѳсүү кыйын. Бирок, чоң атам менен чоң энем атамдын жоктугун билгизбей, жамандарга талатпай, кузгундарга чокутпай колдорунан келишинче бапестеп, эркелетип өстүрдү. Татыктуу тарбия берип, билимге умтулууга шарт түзүштү. Мектепти аяктаган соң 1992-жылы борборго келип жогорку окуу жайга тапшырдым. Андан бери 2 жолу жогорку билимдүү болдум. Ошол күндѳн ушул күнгѳ чейин Бишкекте жашап, иштейм. Кудайдын кулагы сүйүнсүн, учурда үй-бүлѳлүүмүн. Келинчегим экѳѳбүз эки кыз, бир уулдун бактылуу ата-энесибиз. Азыр жеке ишкерлик менен алектенип, аны менен коомдук иштерди бирге алып кетүүдѳмүн. Учурдан пайдаланып апама, чоң ата, чоң энемдин мага берген мээримине, тарбиясына ыраазычылыгымды сыймыктануу менен билдиргим келет.

- Жогоруда «балалыгым кыйынчылыкта ѳттү» деп айттыңыз. Дал ошол турмуштук кыйынчылыктар сиздин келечегиңизге жол ачты десек болобу?

- Ѳзүңүздѳр билгендей, 1990-жылдардын башы СССР ыдырап оорчулук, экономикалык кризис орун алган. Ошол жылдары студент катары жатаканада жашадым. Башкалар кѳргѳндү мен да кѳрдүм, ачка калышса ачка калып, тоюнушса тоюнуп жашадык. Достор менен бир нанды бѳлүшүп жеген күндѳр болду. Ошол оор күндѳрү апам, чоң энемдер мени унутушкан жок. Чоң энем менен чоң атам пенсияларынан арттырып жѳнѳтүп турушса, апам дүкѳн иштетип тапкан акчасынан балам окусун, ачка калбасын деп каралашып турчу. Жаш болсом дагы жакындарымдын мага кылган камкордугун сезип, ичимен «мен силердин ишеничиңерди актайм» деп тымызын кѳп ойлончумун. Жокчулук, тартыштык, кыйынчылык мени ѳжѳр болууга үндѳдү. Жакындарымдын үмүтүн, тилегин орундатуу үчүн болгон аракетимди жумшап 2 жогорку билимдин ээси болуп, ѳзүм каалаган кызматтарда эмгектендим. Аталган жетишкендиктеримдин, ийгиликтеримдин аркасында чоң атам, чоң энем жана апамдын эмгектери эбегейсиз чоң. Чынында, ошол кыйын күндѳр мага турмушта ѳз ордумду табууга, чыдамдуу, сабырдуу болууга, барга кѳппѳгѳн, жокко чѳкпѳгѳн сапаттардын калыптанышына жардам берди.

- Кайсы кесиптин ээси болдуңуз, кайсы тармактарда иштедиңиз?

- 1998-жылы Н.Исанов атындагы КМКТАУда окуп, билим алып инженер-куруучу адистигине ээ болдум. Кийин К.Карасаев атындагы БГУнун дүйнѳлүк экономика факультетин аяктап экономист кесибин алып чыктым. Ал эми 1997-жылдан бери жеке ишкерлик менен алектенип, акча алмаштыруучу жайларда иштедим. 2014-жылы Акча алмаштыруучу жайлардын ассоциациясын түзүп, үч жыл анын тѳрагалык милдетин аткардым. Ассоциацияны негиздеп, анын ишин жолго салгандан кийин жаштарга ѳткѳрүп бердим. 2017-жылы «Арча-Бешик» коомун ачып, аны жетектедим. Бул жерде дагы кѳптѳгѳн социалдык кѳйгѳйлѳрдү чечип, натыйжалуу иштерди жасап, азыркы убакка чейин «Арча-Бешик конушу» коомдук бирикмесинин тѳрагалык милдетин аткарып келем.

- Акча алмаштыруучу жайларда кандай жетишкендиктер болду? Ал жерлерде баюуну гана кѳздѳгѳндѳр иштейби же?.. Коомго кандай пайда келтире алдыңар?

- 2014-жылы Улуттук банк, Ѳкмѳт тарабынан акча алмаштыруучу жайларды жабуу демилгеси кѳтѳрүлгѳн. Ассоциацияны ошондой   демилгелерге каршы туруу максатында түзгѳнбүз. Биз акча алмаштыруучу жайлардын экономикалык жактан пайдалуулугун далилдѳѳгѳ аракет кылып, максатыбызга жеткенбиз. Акча алмаштыруучу жайларды жабуу туура эмес болоруна ынандырганбыз. Биз аны менен кѳптѳгѳн жумушчу орундарын сактап калганбыз. Ассоциация түзүлгѳн маалда 150дѳй акча алмаштыруучу жайлар мыйзамдуу иштеп келаткан болсо, калган мыйзамсыз иштеп аткандардын баарын мыйзамдуу иштѳѳгѳ чакырып, аларды милдеттендиргенбиз. Бүгүнкү күндѳ Кыргызстан боюнча 1200дѳн ашык акча алмаштыруучу жайлар бар. Анын 400дѳн ашыгы гана мыйзамдуу иштейт. Тилекке каршы, калганы дагы деле мыйзамсыз иштеп келүүдѳ.

- Акча тармагында кѳп жыл эмгектенген экенсиз. Ѳзүңүз акчаны кандай пайдаланасыз?

- «Акча - колдун кири», «акча - суу» деген кыргыздын сѳздѳрү туура, таамай айтылган. Акчага алданып, акчага сатып кеткен адамдар арабызда аз эмес. Бирок ошол жаман сапаттан Кудайым сактасын. Мен ѳзүм акчаны туура, ѳз орду менен колдоном. Капчыкка дагы иретсиз салынышын каалабайм. Үй-бүлѳм дагы ушундай тартипке кѳнгѳн. Керексиз нерселерге акча коротууга тыюу салынган. Жубайым, балдарым аны жакшы билишет жана түшүнүү менен кабыл алышат. Бизде деле эл сыяктуу кээде акча бар, кээде таптакыр жок болгон учурлар кездешет. Бул маселени сабырдуулук менен чечкенге аракеттенем.

- Ал эми карызга алып, карыз берип кѳргѳнсүзбү?

- Албетте, азыр карыз алып, бербеген адам болбосо керек. Карызга акча алып, карызга акча берүүнү бул жашоодо мыйзам ченемдүү кѳрүнүш катары кабыл алам. Кээ бир учурда аласа-бересенин аркасы менен жакшы санаалаш, дос күткѳн учурлар болот. Учурда деле кѳптѳн бери ала албай жүргѳн карыздарым бар жана 1-2 кишиге карызым бар.

- Акча тууралуу айткан сѳздѳрүңүздү угуп сизди үнѳмдүү мырзалардын катарына кошкум келди. Үнѳмдүү мырзанын алдыдагы пландары, максаттары кандай болду экен?

- Максаттарым чоң. Ушуга чейин алган тажрыйбам, алган билимимдин аркасы менен саясатка аттануу чечимин кабыл алдым. Буюрса, мекен үчүн кызмат кылып, ѳлкѳбүздүн экономикасын кѳтѳрүүгѳ колдон келген аракетибизди кѳрѳбүз. Менин ишенимимде, бизде Евразиялык экономикалык биримдикке кирген ѳлкѳлѳр менен бирдикте ѳнүгүүгѳ зор мүмкүнчүлүктѳр, шарттар бар. Евразиялык тандоо аркылуу ошол максаттарга жетишсек болот. Азыркы күндѳ Орусияда, Казакстанда биздин жүз миңдеген мигранттарыбыз жашап, иштеп жүрүшѳт. Евразиялык тандоо алар менен тыгыз иш алып барууга, алардын шарттарын жакшыртууга мүмкүндүк берет, жол ачат. 

- Сѳз аягында сизге эркин микрофон…

- 2020-жылы кыргыз элинде гана эмес, жалпы дүйнѳ жүзүндѳ эң оор жыл болду. Мына саналуу күндѳрдѳн кийин Жаңы жыл майрамын тосуу алдында турабыз. Жаңы жыл элибизге жакшылыктын, ынтымактын, бейкуттуктун жылы болсун! Арабыз эч качан кемибесин! Кыргыз элим ѳнүгүп-ѳсүп, миң кылымдар доорун сүрѳ берсин!

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА