Маданият
Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата маданий иш-чара өтөт
Элита плюс
Ноябрь 18, 2022 г.
Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына карата маданий иш-чара өтөт
© Элита плюс

Бишкекте А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында эл акыны Байдылда Сарногоевдин 90 жылдыгына арналган маданий иш-чара өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

 

Байдылда Сарногоев Талас районуна караштуу Буденовка айылында 1932-жылы туулган. 1951-жылы Фрунзе шаарындагы №5 орто мектепти, 1956-жылы Москва шаарында М. Горький атындагы Адабият институтун бүтүргөн.

 

1956-жылдан “Ала-Тоо” журналынын редакциясында бөлүм башчы, 1959–1973-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун башкармалыгында адабий кеңешчи болуп иштеген.

 

Биринчи поэтикалык жыйнагы “Шумкар” 1952-жылы жарык көргөн. Акындын көп ырларына музыка жазылган. Сарногоевдин чыгармалары орус тилинде да басылып, 1986-жылы “Ашуудан берген отчетум” аттуу поэтикалык жыйнагы Кыргызстан жазуучулар союзунун А.Осмонов атындагы адабий сыйлыгына татыктуу болгон.

 

1996-жылы казак жана кыргыз элдеринин салттарын бекемдөөгө кошкон салымы үчүн Сарногоевге Казакстандын эл аралык “Алтын көпүрө” (“Золотой мост”) сыйлыгы ыйгарылып, 2000-жылы “Байдылда” аттуу жыйнагы Кыргызстандын Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыгына татыган.

 

1951-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.

 

1991-жылы “Кыргыз Республикасынын Эл акыны” ардактуу наамы берилген.

 

“Эмгектеги артыкчылыгы үчүн”, В.И.Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдык урматына, “Каарман эмгеги үчүн” медалы, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамотасы, 2002-жылы “I даражадагы Манас” ордени менен сыйланган.