Саясат
Бабанов кайрадан саясатка кайтып келгендигин ачыктады
Элита плюс
Октябрь 06, 2020 г.
Өмүрбек Бабанов кайрадан саясатка кайтып келгендигин ачыктады.
"Элибиз ушундай кыйналып турган кезде карап турбай, кайтып келем. Биздин партия элди алып чыкканда Бабанов сыртта турду деп жатасыңар", - деди ал массалык маалымат булактарына.
Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетип, былтыркы жылдын август айында кайтып келген.
Ал 2017-жылы декабрь айында саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.