Ийгилик сыры
АӨБ Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоого 50,2 млн доллар бөлөт
Элита плюс
Май 15, 2023 г.
АӨБ Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоого 50,2 млн доллар бөлөт
© Элита плюс
АӨБ Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоого 50,2 млн доллар бөлөт
© Элита плюс
АӨБ Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоого 50,2 млн доллар бөлөт
© Элита плюс
АӨБ Суусамыр – Талас – Тараз жолун реконструкциялоого 50,2 млн доллар бөлөт
© Элита плюс

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жана финансы министри Алмаз Бакетаев Сауд Аравияга болгон иш сапарынын алкагында Ислам өнүктүрүү банкынын президенти Мухаммад бин Сулейман менен жолугушту.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери Кыргызстанда Ислам өнүктүрүү банкы менен биргелешкен долбоорлорун ишке ашыруу, ошондой эле өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн артыкчылыктуу болгон жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу маселелери талкууланды.

Тараптар КР менен ИӨБ ортосундагы орто мөөнөттүү мезгилге кызматташуу стратегиясын тез арада иштеп чыгып, кол коюу зарылдыгын өз ара баса белгилешти.

Араб координациялык тобунун мүчөлөрүнүн катышуусунда өткөн Төртүнчү тегерек столдун жүрүшүндө (2022-жылдын 3-4-августу, Чолпон-Ата шаары) Ислам өнүктүрүү банкына өткөрүлүп берилген долбоорлорду кароо маселесин талкуулоого өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар Кыргызстан менен ИӨБдин ортосундагы Суусамыр - Талас - Тараз автожолун реконструкциялоо долбоору (IV фаза, 104,6 – 197,6 км) боюнча макулдашууга кол коюшту. Анын алкагында бул долбоорго 50,2 млн доллары бөлүнмөкчү.

Маалымат үчүн: Бул долбоорду ишке ашыруунун максаты Кыргыз Республикасынын жалпы пайдалануудагы унаа жолдорунун тармагын өнүктүрүү жана өркүндөтүү, тактап айтканда, эл аралык жана мамлекеттер аралык каттамдардын көбөйүшүн, мамилелер жана соода, аймактын экономикалык өсүшүнө түрткү болгон Суусамыр-Талас-Тараз маанилүү жолдорун жакшыртуу, жана жол транспортунун коопсуздугун камсыз кылуу. Бул жол Талас облусун Кыргызстандын Чүй, Жалал-Абад жана Ош облустары менен, Казакстандын түштүк аймактары менен байланыштырат.