Коом
Азыр муктаж болгон дарынын баасын кымбаттаткан дарыкана аныкталды
Элита плюс
Июль 17, 2020 г.
Азыр муктаж болгон дарынын баасын кымбаттаткан дарыкана аныкталды
© Элита плюс

Финансы полициясынын кызматкерлери дары-дармек каражаттарын жана медициналык багыттагы буюмдарды негизсиз кымбаттатуунун алдын алууга багытталган иш-чараларды улантууда. Анын алкагында Бишкек шаарындагы Ю.Фучик көчөсүндө жайгашкан дарыкана бааны жогорулатып сатканы аныкталды.

Анда «Гепарин» дарысынын бир ампуласы 300дон ашпашы керек болсо, кызматкерлер бир ампуланы 435 сомго сатышкан.

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.

Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы дары-дармектердин баасын кымбаттатып саткан фарм-компания, дарыкана, дары саткан күркөлөрдүн атын мындан ары ачык билдире баштайт. Учурдагы эпидемиологиялык кырдаалдан пайдаланып, акча жасоого аракеттенгендерге жаза каралаарын билдирди.