Коом
Азык-түлүк коопсуздугу
Элита плюс
Август 21, 2020 г.
Азык-түлүк коопсуздугу
© Элита плюс

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугу тууралуу маалымат таратты. Ага ылыйык азык-түлүк коопсуздугу өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоонун башкы багыттарынын бири жана анын мамлекеттүүлүгүн жана азык-түлүк көз карандысыздыгын сактоонун фактору болуп саналат. Маалыматтарга караганда быйыл буудайдын айдоо аянты 7 миң 900 гектарга көбөйтүлгөн жана быйыл 680 миң тонна буудай жыйноо пландалууда. Өлкө жыл сайын 350-400 миң тоннага жакын буудайды сырттан сатып алат. Ал эми өлкө боюнча картошка 76,3 миң гектар жерге айдалып, жалпы 1 млн 320 миң тонна түшүм алуу пландалууда. Кыргызстанда өстүрүлгөн картошка өлкөнүн ички азык-түлүк рыногунун керектөөсүн толук камсыз кылууга жетип, экспортко чыгарууга да мүмкүнчүлүк бар экени айтылды. Быйыл жашылча өсүмдүктөрү 52,9 миң гектар жер аянтка айдалган. Анын түшүмү 1 млн 153 миң тонна, мөмө-жемиштердин түшүмү 270,4 миң тонна болот деп күтүлүүдө. Кант кызылчасы 8,4 миң гектар жерге айдалган. Кант кызылчасынан 436,8 миң тонна түшүм алуу пландалууда. Ал эми быйыл өсүмдүк майын өндүрүүдө май өсүмдүктөрү 19,6 миң гектар аянтка себилип, анын түшүмү 24,1 миң тонна болот деп күтүлүүдө. Айтсак, 2020-жылдын январь-июнь айларында өлкөгө 81,9 миң тонна май азыгы импорттолгон.