Коом
Азиздер жана дүлөйлөр коомуна суу, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөргө 50% жеңилдик белгиленет
Элита плюс
Декабрь 17, 2022 г.
Азиздер жана дүлөйлөр коомуна суу, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөргө 50% жеңилдик белгиленет
© Элита плюс

Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун ишканалары, мекемелери жана уюмдары үчүн республикалык бюджеттин эсебинен суу менен камсыздоо, канализация, коммуналдык кызматтар жана газ үчүн төлөмдөрдү төлөөдө 50 пайыздык жеңилдик белгиленди. Тиешелүү чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жыйынында кабыл алынды. 

Мындай чечим Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун угуусу жана көрүүсү боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.

Белгилей кетсек, республика боюнча “Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому” коомдук бирикмесине көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 8 миңден ашуун жаран мүчө. Коомдук бирикме негизинен 11 окуу-өндүрүштүк ишкананын негиздөөчүсү болуп эсептелет жана аларда көрүүсү жана угуусу боюнча ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар иштейт.