Маданият
Азиз БАТЫРОВ, ырчы-дастанчы: “Адашып башка тойго барып акчамды доолап...”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Азиз БАТЫРОВ, ырчы-дастанчы:  “Адашып башка тойго барып акчамды доолап...”
© Элита плюс
Азиз БАТЫРОВ, ырчы-дастанчы:  “Адашып башка тойго барып акчамды доолап...”
© Элита плюс
Азиз БАТЫРОВ, ырчы-дастанчы:  “Адашып башка тойго барып акчамды доолап...”
© Элита плюс
Азиз БАТЫРОВ, ырчы-дастанчы:  “Адашып башка тойго барып акчамды доолап...”
© Элита плюс

Азиз Батыровдун улуту өзбек. Ошондой болсо да “кызматым кыргыз калкым үчүн, ырларым кыргыз элиме» деген түшүнүк менен жашайт. Кыргыздын комузунда кол ойнотуп, терме, дастандарды ийине жеткире аткарат. Анча-мынча “киргиздерге” караганда кыргызча түш жоруп, төлгө ачат. Жакында ыр күйөрмандарына жеке концертин тартуулаганы жатканын эшитип, кызуу даярдыкта чуркап жүргөн Азизге жолугуп бир аз маек курдук.

  • Азиз, жеке өнөр кечеңди тартуулаганы жатыптырсың, даярдыктар кандай?
  • Абдан толкунданып жатам. Анткени кичинемде өзүмдү Улуттук филармонияда ырдаганымды элестетип кыял менен жашачумун. Бала чактан бери арзуу кылып, ар дайым кыялданып жүргөн кыялым ишке ашканы турат. Буюрса, 3-октябрда Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтө турган алгачкы жеке концертиме келип өнөр кечеме күбө болуп кетиңиздер. Буга чейин Ош шаарында эки күндүк жеке концертимди өткөргөм. Концертимди “Бизди көрөт биз көрбөгөн кылымдар” деп атадым. Учурда кызуу даярданып, буту-бутума тийбей чуркап жүргөн убагым. Концертке Казакстандан дастанчы, домбурачы, ырчы, досум Махмут Кошкарулы конок катары катышат. Устаттарым Роза Аманова, Юрий Бобков келип жанымда колдоп турмай болушту. Андан сырткары сахналаш кесиптеш досторум, жүзгө жакын өзүмдүн шакирттерим өнөрлөрүн тартуулашат. Комуздун коштоосунда жандуу концерт болот. Колуман келишинче даярданып жатам.
  • Комузга, ырга болгон кызыгууң качан башталган?
  • Салттуу музыкага бала чактан кызыктым. Сыналгыдан комуз күүлөрү, кыргыз ырлары чыгып калса тиктеп эле отуруп калчумун. Анткени аябай жакчу. Өзгөчө устатым Роза Аманова ырдаганда ушунчалык ошол эженин окуучусу болушту, ошол адамдай ырдоону, эжедей комуз чертүүнү каалачумун. Ырга болгон сүйүүм аябай күчтүү болчу. Ичимдеги ырды элге тартуулагым келчү. Кудай ар бир пендесинин бешенесине бир өнөрдү, талантты жазып коёт окшобойбу, менин бактыма ырчылыкты, дастанчылык жана комузчулукту жазып койгон экен.
  • Чыгармачыл жолуңдун башаты кандай болду, кандай кыйынчылыктарды басып өттүң?
  • Ар кандай музыкалык аспаптарда ойногонду да жакшы көрчүмүн. Мектептин оозунда жашагандыктан эшик алдында турсам, менден улуулар комуздарын көтөрүп ары-бери өтүшөр эле. Мен болсо чуркап барып: “Бир эле чертип көрөйүнчү”, - деп жалдырачумун. Кээ бири берсе, кээ бири карматпай басып кетишер эле. Бир жолу менден улуураак кыз комузун берди. Мен даңкылдатып ургулап чертип жатсам, “күүсү бузулат, комузду минтип чертпейт”, - деп жулуп алды. Ошентип, кызыгуум күч болгону менен кеч кармадым. Кыргыз тилчи эжекем талантымды байкаган окшойт, бир күнү үйүнөн комуз алып келип берди. Аны алып барып оңдотуп, кошунам, досумдун апасы Уулкан Стамкулова деген эжеге бардым. Ал балдар чыгармачылык борборунда комуздан сабак берчү. Эжеге шакирт болуп, ал кишиден комуз черткенди үйрөнгөм. Бирок ар кандай кыйынчылыктар болду. Чыгармачылыкка жаңы аралашып жатканда акчаң да болбойт, таанышың да жок. Сахнага чыгып ырдагың келет, съёмкага тартылып, ырчылардын арасында жүргүң келет, ошондой учурда: “Мен да ырдайынчы”, - десең, чыгарбай койсо шагым сынып жаман болчумун. Көралбастык, бут тосуу деген бир эле чыгармачылыкта эмес, бардык жерде болсо керек. Анткен менен чыгармачылыкта мени эч ким колдогон жок деп айта албайм. Мени көп адам колдоду, өсүшүмдү көп адам каалады. Комуз чертип, дастан айтып элге кызмат кылышым үчүн көп адам ак батасын берди. Тыйындын дагы эки бети бар болгон сыяктуу жакшы, жаман бардык жерде болот турбайбы. Бирок анын бардыгын жеңдим.
  • Сен деле азыркы жаштардай даңка-дүңк музыкага секирип бийлеп эстрадага оосоң болбойт беле?
  • Ошентсем деле жарашат, анткени жаштык бар. Бирок менин жан дүйнөм андайга эч тартпай койду. Менин ырларым, ырдоо стилим эстрадага дал келбейт. Эстрада ырчысы болоюн деген оюм да жок. Мага, тескерисинче, дастандар, элдик ырлар жаккандыктан ушул багытты тандап алгам. Кыргыздын салттуу музыкасын көтөрүп, салым кошоюн деп чуркап жүрөм. Биз улабасак, биз эмгек жумшабасак, салттуу музыка муундан-муунга уланбай калат деп ойлойм.
  • Сенин ырларың маанилүү, мазмундуу. Музыкасы да сөзү менен айкалышып кулакка жагымдуу. Ыр тандоодо ким менен акылдашасың?
  • Студент кезимде ыр тандоодо устатым Роза Аманова менен кеңешет элем. Эже кайсы ырды жаздырарыма, кайсы чыгарма менин үнүмө отурарына көмөктөшчү. Азыр ырларды өзүм тандайм. Кайсы чыгарма менин үнүмө отурат, кайсыл ырды жеткиликтүү ырдай аларымды жакшы билем. Бирок обон чыгарганымда устаттарыма атайын жолугуп обондорумду оңдотуп, окшош кайрыктарын өзгөртүп, алымча-кошумча кылып келем.
  • Акыркы учурда шакирттерди да тарбиялап жүрөсүң, ушул туурасында айтып берсең.
  • Кыргыз элинин салттуу музыкасын, элдик ыр, айтуучулук, санат-терме жана дастанчылык багытын жайылтуу, ошондой эле улуу устаттар түзүп кеткен устат-шакирт өнөрканасын муундан-муунга улантуу максатында “Ынтымак” деген топ түзгөм. Быйыл өнөрканабызда 300гө жакын окуучу болду. Чынында, салттуу музыкага, дастанга, комузга кызыккан жаштар өтө көп экен. Буюрса, келечекте алардын арасынан залкар дастанчылар чыгат деген үмүттөмүн. Учурда устат-шакирт өнөрканама аябай көңүл буруп жаткан убагым. Окуучуларыма атайын форма тиктирип, комуз алып аларды сахнага даярдап жатам. Өзүмдөн бүткөн окуучуларды эле кайра жумушка алып өнөрканамды кеңейттик. Чыгармачылык менен мугалимдик ишти айкалыштырып бирдей алып кетүүгө колуман келишинче аракет кылуудамын. Мугалим ардактуу кесип экенине ынандым. Келечек муунга өзүң билген нерселерди үйрөтүп, жакшы тарбия берүү, чынында, бакыт экен. Ата-энелер ыраазы болсо андан бетер кубанат экенсиң.
  • Бир туугандарың да чыгармачылыкка жакынбы?
  • Мен Ош облусуна караштуу Кара-Суу шаарында төрөлүп, ошол жерде чоңойдум. Кыргызстан менин ата журтум, анткени ата-бабам ушул жерде жашаган. Жашоомдо жалгыз апам жана эжелерим бар. Алардын амандыгын күнүгө тилейм. Менин чыгармачылыгымды колдогон дагы ошол адамдар. Бир туугандардын арасынан эң кенжесимин. Кыздардын арасында жалгыз уул болуп өтө эрке өстүм. Азыр менден башкасынын бардыгы үй-бүлөлүү. Бирок бири да чыгармачылыкка жакын эмес.
  • А сен качан үй-бүлө куруп апаңды келиндүү кылайын деп турасың?
  • Ал күн алыс эмес, жакында үйлөнөм. Азырынча ачыктабай турайын, кызыгы кетип калат. Бул туурасында концертимден кийин жарыялайм. Мен өтө эле шайыр, ачык-айрым кыздарды жактыра бербейм. Оор басырыктуу, токтоо, чачы узун кыздар жагат. Эмнегедир чачы узун кыздар сабырдуудай сезиле берет. Ошончо узун чачты жууп, тарап алып жүрүүгө деле бир топ сабыр керек болсо керек. Анча чачка сабыр кылган жашоодо деле көп нерсеге сабыр кылса керек деп ойлойм.
  • Жакшылыктарда кызмат кыласыңбы, ставкаң канча?
  • Ар бир өнөр адамы элдин жакшылыгында ырдаш керек деп ойлойм. Биз ошол үчүн өнөр адамыбыз. Жакшылыктарда ырдабаганда качан ырдамак элек. Мен дагы эл катары кыргыз элимдин тойлорунда, жакшылыктарында өнөрүмдү тартуулап жүрөм. Чынында, мурда соодалашканды билчү эмесмин. Туруктуу бир коюп койгон баам деле болгон эмес. Эки миң сомго деле барып ырдап кетчүмүн. Төрт жылдан бери атайын менеджер, администратор алып иштей баштадым. Концерттер, тойлор, анан окуучуларым болгондуктан жалгыз өзүм эч нерсеге жетишпей калат экенмин. Азыр ошол менеджер менен администраторум жолдун алыс-жакынына карап бааны айтышат. 100 доллардан баштап 300 долларга чейин барып ырдай берем. Тааныш-билиштерге бекер деле кызмат кылабыз. Кээде тамадалар чалып “колунда жок экен, жалгыз бой апа экен” деп калышат, андайда акысыз деле ырдап кетем. “Азиз кайрымдуулук концерттерде ырдабайт экен, көтөрүлүп кетиптир” деген кептерди угуп калам. Бирок бул туура эмес сөздөр. Бишкекте болсом эле кайрымдуулук концертке сөзсүз барам. Менде андай бой көтөрүү деген сапат жок. Мен деле ошол адамдардай Аллахтын кулумун. Мен деле сооп жыйнагым келет.
  • Тойдогу күлкүлүү окуялардан айтып бербейсиңби?
  • Бир жолу “Соң-Көл” тойканасына чакыруу алдым. Эмнеге экенин билбейм, бирок “Ала-Тоону” эле элестетип алып ошол жакка барыптырмын. Ал жактагы тойдо ырдап, эки жашты куттуктап, анан качан акчамды берет экен деп күтүп отурам. Таң калыштуусу той ээси Муратбек деген байке экен. Мени да Муратбек деген байке чакырган да, ал чыгып алып: “Сизди ким чакырды эле?” –дейт. Аңгыча: “Мен Муратбек байкең, келе жатасыңбы?” - деп бирөө чалат. “Ой, мен жаңы эле ырдабадымбы”, - деп коём. Көрсө, ал “Соң-Көлдө” мени күтүп жатыптыр. Ошентип, кызык окуя болгон. Ошол күн такыр эсимден кетпейт.
    Шахноза ЖУЗУП кызы