Спорт
Азия чемпиону Ысык-Көлдү сүзүп өттү
Элита плюс
Август 06, 2020 г.
Азия чемпиону Ысык-Көлдү сүзүп өттү
© Элита плюс

Азия чемпиону Виталий Худяков Ысык-Көлдү сүзүп өттү. Бул тууралуу айрым маалымат булактары жазып жазды.

Маалыматка карганда, спортчу эртең мененки саат 05:15те чыгып, саат 18:30га чейин сүзгөн.  “Худяковдун 13 саатка созулган сапары Чолпон-Ата шаарынан башталып, Кажы-Сайга чейин уланган”,-деп айтылат маалыматта. Кошумчалай кетсек, Виталий Худяков Олимпиада оюндарына катышып, 10 жана 5 чакырым аралыкта ачык сууда сүзүү боюнча Азия чемпиону болгон.