Коом
Азамат Жаманкулов министрлик кызматында калтырылды
Элита плюс
Октябрь 06, 2020 г.
Азамат Жаманкулов министрлик кызматында калтырылды
© Элита плюс

Бүгүн, 6-октябрда Кыргыз Республикасынын Эл артисти, музыкант Курмангазы Азыкбаевдин Маданият, маалымат жана туризм министринин иш ордунда отурган видеосу тарап, коомчулукта талкуу жараткан эле.

Аз өтпөй маданият өкүлдөрү Маданият министрлигинин имаратында чогулушту. Ал жерге Курмангазы Азыкбаев жана министр Азамат Жаманкулов да келип, ортодо маданияттын азыркы абалы, кечээги окуялар боюнча талкуу болду. Курмангазы Азыкбаев министрдин креслосун тартып алайын деген ою жок экенин, болгону митингчилер талап-тоноп кетишпесин, ошол жерди көзөмөл кылып отуруңуз дегенинен келип отурганын айтты.

Ал эми министри Азамат Жаманкулов маданият кызматкерлери кет десе дароо арыз жазып кете турганын айтты. Жыйындын соңунда көпчүлүк маданият кызматкерлери бир добуштан Азамат Жаманкуловду ээлеген кызматына калтырууну туура көрүштү.