Коом
Аялдар колониясына 8 уюлдук телефон киргизүү аракети көрүлгөн
Элита плюс
Март 06, 2023 г.
Аялдар колониясына 8 уюлдук телефон киргизүү аракети көрүлгөн
© Элита плюс
Аялдар колониясына 8 уюлдук телефон киргизүү аракети көрүлгөн
© Элита плюс

Аламүдүндө аялдар колониясына 8 уюлдук телефон киргизүү аракети көрүлгөн. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 6-мартта болжол менен түнкү саат 01:30дар чамасында Аламүдүн районунун Степной айылында жайгашкан №2 мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды алып кирүүгө аракеттенишкен.

Шектүү катары 36 жаштагы С.М.А. аттуу жаран кармалып, анын жанынан 8 уюлдук телефон жана 1 сим-карта табылган.

Аталган факты боюнча материалдар Аламүдүн райондук милициясынын тергөө ыкчам тобуна өткөрүп берилди.

Учурда кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш чаралары жүргүзүлүүдө.