Аймактар
Аялдар кеңеши аракетте
Элита плюс
Апрель 28, 2022 г.
Аялдар кеңеши аракетте
© Элита плюс
Аялдар кеңеши аракетте
© Элита плюс

Сокулук районуна караштуу Новопавловка айыл өкмөтүнүн аялдар кеңешинин кезектеги жыйыны 2022-жылдын 27-апрелинде болду. Ага Аялдар кеңешинин төрайымы Гүлжамиля Абдыразакова төрайымдык кылып, аткарылып жаткан иштер туурасында отчет берди. Алдыда аткарыла турган иштердин планы түзүлдү. Буга чейин аталган кеңештин атынан бир топ кайрымдуулук иштер жасалып, гуманитардык жардамдар көрсөтүлүп, Аялдар кеңешинин төрайымы Гүлжамиля Абдыразакованын аракети менен “Тынчтык” жаңы конушунда эки чакан тигүүчү цех ишке кирген. Учурда ал цехтердин ар биринде 7-8 ден тигүүчү эмгектенип, үй-бүлөсүн багып келет.     

Жыйындын жыйынтыгында, Аялдар кеңешинин 21 мүчөсү өз аракеттери менен “Элден элге” деген аталыштагы социалдык дүкөндөрдүн бирин “Тынчтык” жаңы конушуна, ал эми экинчисин “Ак Ордо” жаңы конушуна ачууну колго алышты. Эскерте кетчү нерсе эгер колунда болгон инсандар, кийилбей калган, сапаты, абалы жакшы кийимдерин аталган дүкөнгө өткөрүп берип турса да болот. Ал эми Новопавловка айыл аймагында жашоо-турмуштун сыноосуна кабылып, жардамга муктаж болгон ар бир жаран же үй-бүлө, жогорудагы дүкөндөрдүн бирине кайрылып, өзүнө жаккан жана туура келген кийим-кечегин кийип кете алат. Новопавловка айыл өкмөтүнүн Аялдар кеңешинин курамы ар тармактын өкүлдөрүнөн куралгандыктан, эл менен иштөөдө социалдык, экономикалык жана билим берүү комитеттерин түзүп алып, ошого жараша иш алып барууда.