Коом
Автобус, троллейбус, кичи автобустар эрежелерди бузса иши токтотулат
Элита плюс
Май 20, 2020 г.
Автобус, троллейбус, кичи автобустар эрежелерди бузса иши токтотулат
© Элита плюс
Автобус, троллейбус, кичи автобустар эрежелерди бузса иши токтотулат
© Элита плюс

“Коомдук транспорттун иштөөсү үчүн убактылуу санитардык-эпидемиологиялык эрежелер иштелип чыкты. Автобус, троллейбус жана кичи автобустар кабыл алынган эережелерди бузган учурда, ишин токтотууга туура келет. Талаптардын аткарылышын көзөмөлдөө үчүн атайын рейддер жүргүзүлөт. Биз транспорттук компаниялардын жетекчилерине тиешелүү санитардык-эпидемиологиялык талаптарды уюштуруп, камсыз кылуу керектигин маалымдадык”, - деп билдирди Саламаттыак сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев.
Анын айтымында, коомдук транспорт жүргүнчүлөрдүн саны орундуктардын саны менен чектелет. Салондун ичи ар бир чыгуу үчүн тазаланып турушу шарт. “Коомдук транспорттордун салондорунда дезинфекциялык чаралар жүргүзүлөт. Өз кезегинде, ар бир жүргүнчүдөн социалдык аралыкты сактоону жана милдетүү түрдө бепткап тагынууну өтүнөм. Вирус жуктуруп алуу коркунучу бар”, - деп белгиледи Н.Үсөнбаев.