Спорт
Азамат ЖАНАЛИЕВ, саякатчы: “Авто кырсыкка кабылганда баспайт дешкен, андай эмес, мындай деп өлкөнү жөө кыдырдым”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Азамат ЖАНАЛИЕВ, саякатчы: “Авто кырсыкка кабылганда баспайт дешкен, андай эмес, мындай деп өлкөнү жөө кыдырдым”
© Элита пллюс
Азамат ЖАНАЛИЕВ, саякатчы: “Авто кырсыкка кабылганда баспайт дешкен, андай эмес, мындай деп өлкөнү жөө кыдырдым”
© Элита пллюс
Азамат ЖАНАЛИЕВ, саякатчы: “Авто кырсыкка кабылганда баспайт дешкен, андай эмес, мындай деп өлкөнү жөө кыдырдым”
© Элита пллюс
Азамат ЖАНАЛИЕВ, саякатчы: “Авто кырсыкка кабылганда баспайт дешкен, андай эмес, мындай деп өлкөнү жөө кыдырдым”
© Элита пллюс
Азамат ЖАНАЛИЕВ, саякатчы: “Авто кырсыкка кабылганда баспайт дешкен, андай эмес, мындай деп өлкөнү жөө кыдырдым”
© Элита пллюс
Азамат ЖАНАЛИЕВ, саякатчы: “Авто кырсыкка кабылганда баспайт дешкен, андай эмес, мындай деп өлкөнү жөө кыдырдым”
© Элита пллюс

“Акчасы жок адам кедей эмес, максаты жок адам кедей”

Элибиздин сыймыктуу уулдарынын бири Азамат Жаналиев сүрөтчүлүктөн тышкары ыр жазып, поэзия дүйнөсүнүн да өкүлү. Жакында эле Монголиянын жаңы шайланган президенти Халтмаагийн Баттулгага жолугуп, анын портретин тартуулоо менен коомчулукка белгилүү болгон. Анда ар тараптуу таланттуу жигиттин кызыктуу маегине көңүл буруңуз...

  • Азамат мырза, жакында Монголиянын жаңы президентинин портретин “StringArt” (жип жана мык) менен тартып белекке берип келдиңиз. Бул тартуу тууралуу айта кетсеңиз?

  • Негизи “Улуу кыргыз изи” долбоорун жетектеп келем. Долбоордун башкы максаты - жүздөгөн мамлекетти жөөбү же велосипед мененби, кандай жол болсо да кыдырып чыгуу. Ошончо жол баскан соң жөн гана кыдырбастан кыргыз элинин атынан сүрөт тартып, тартуу иретинде калтырып кете берем. Эгер жөн гана кете берсем, саякатымдын мааниси жок болору талашсыз. Ал эми кичинекей болсо да өз колумдан жаралган белектерди таштап койсом тарыхый эстелик болуп калат. Мен тарткан сүрөт да жөнөкөй сүрөт эмес. “StringArt” ыкмасын колдонгон сүрөтчүлөрдөн дүйнөдө төрт гана сүрөтчү бар. Бири Японияда, Бразилияда, Еропада жана мен. Бишкек шаарында 16-сүрөттө Нурсултан Назарбаевдин сүрөтүн тартып жаткам. Ошол учурда Монголия жаңы президенттүү болгондо автостоп менен Монголияга күнү-түнү жол жүрүп олтуруп 8 күндө жеттим. Улан-Баторго жеткенде сүрөттү тартып баштадым. Ишим аягына чыккан соң ал жакта жашаган жергиликтүү казактардын жардамы менен президенттин өзүнө жолугуп, сүрөтүн жөн гана өзүмдүн атымдан эмес, жалпы кыргыз элинин атынан куттуктоо иретинде ыйгардым. Мындай белек монгол элинин ажосу үчүн күтүүсүз жана оригиналдуу болгондуктан чексиз кубанганын жашырган жок. “Талантыңды өз жериңде эл кандай колдойт?” деген суроо узатты. “Албетте, колдоп коштогон ага-инилерим бар” дедим. Ошентип ал кур кетирбей жезден жасалган Чынгызхандын бир баатырынын айкелин, өз колу менен тарткан сүрөтүн жана “Монголия Гиннеси” деген китепти белек кылды.

  • Сүрөттү Монголияга жеткенде тартып баштаган экенсиз, канча күндө даярдап бүттүңүз?

  • Жалпысынан Монголияда 2 жума жүрүп, он күн сүрөт тартуу менен алек болдум. Эки күндүн ичинде тапшырдым.

  • Бийлик өкүлдөрүнө кирүү кыйынчылык жаратат эмеспи, Халтмаагийн Баттулгага кирүү оңой болбосо керек?

  • Сөзсүз кыйынчылык болот. Буга чейин В.Путиндин, Н.Назарбаевдин, Чечен Эл республикасынан Ахмад Хажы Кадыровдун, БАЭдан Дубайдагы шейхтин жана башкалардын сүрөттөрүн тарткам. Кайсы мамлекет болбосун президентине кирүү кыйын, жөнөкөй адамдын үнү оңой менен жете бербейт. Бул президенттин мүнөзүнөн да көз кранды. Мисалы, Монгол элинин президенти өтө жөнөкөй жана кичи пейил экен. Андыктан кабыл алууда анчалык кыйынчылыктар болгон жок, күлүп-жайнап тосуп алды. Алгачкы кабыл алуусу парламенттин 7-кабатында болуп, кечинде өзүнүн кеңсесине кайрадан чакырды. Көпкө сүйлөштүк, каалоо тилектерди айттык.

  • Буга чейин бүтүндөй Кыргызстанды велосипед менен кыдырып чыккан экенсиз...

  • Ооба, 2 жыл мурун Ысык-Көлдөн Бишкекти көздөй жөө чыгып үч күндө жеткем. Бишкектен велосипед менен чыгып Кара-Балта, Төө-Ашуу, Өтмөк аркылуу Талас облусуна бардым. Андан Кара-Буура району аркылуу тоону ашып, Ала-Бука, Камыш-Кыя, Сары-Челек, Арсланбап, Ош, Жалал-Абад, Баткенге сапар алгам. Ал жерден Тажикстандын Кайырма деген айылынан Ошко жөнөп, Оштон Эркештам аркылуу Жалал-Абад анан Нарынга өтүп кеттим. Ал жакты кенен кыдырган соң Ысык-Көл облусун кыдырып 62 күн дегенде Бишкекке келгем.

  • Кыргызстандын ичин кыдырууда кыйынчылыктар кездештиби?

  • Албетте. Анткени, мурда алыс аралыкка мынчалык велосипед тээп көргөн эмесмин. Мунун баары жөн жерден келип чыккан жок. 4 жыл мурун авто кырсыкка учурап, дарыгерлер басууга, оор көтөрүүгө болбойт деген чектөөлөрдү коюп койгон. Мындай чектөөлөрдү сындырып, жеңип чыгуу менен жаңы жашоону жаңы иштен баштадым. Баспайт деген андай эмес, мындай деп, Кыргызстанды кыдырып чыгуу идеясы пайда болгон. Негизинен ар бир бала дүйнөнү кыдырсам дейт эмеспи. Кырсыктап үйдө жатканда эч кимге керегиң жок экениңди, бир гана өзүңө өзүң керек экениңди сезет экенсиң. Эч качан чегинбей, канчалык кыйынчылык жаралган сайын алдыга карай басуу керектигин түшүндүм. Себеби, бул жашоо бир келет, максатыбызга жетүүгө умтулуп, татыктуу жашашыбыз керек.

  • Өлкө ичин кыдырган соң “эми дүйнөнү кыдырып чыгам” деген элеңиз?

  • Чындыгында дүйнөнү жөө кыдырып чыгуу көптөгөн жылдарды талап кылат. Жөө кыдырууда өмүрүңдүн көбү жолдо өтөөрү айдан-ачык. Ал эми, велосипед менен Казакстан, Тажикстан, Азербайжан жана Чечен эл республикаларын кыдырып чыгууда өмүрүңдүн жол жүрүү менен өтүп кетерин байкадым. Жыл өткөн сайын идеялар пайда болуп, жанды кыйнап, убакытты өткөрүп жибербей кудай берген өмүрдү татыктуу жашоо үчүн үй-бүлө күткүм келди. Бала-чакалуу, небере-чөбөрөлүү болууну тандагандыктан узун жолду кыскартуу менен сүрөт тартып, ар бир өлкөнүн президентине тапшырсам дейм. Эртеби, кечпи тиккен бактын мөмөсүн жээрбиз дейм. Ийгиликтин эрте-кечи жок.

  • Сүрөтчүлүк сиздин кесибиңизби же жөн гана хоббиңизби?

  • Кичинемден сүрөт тартам. Кесибим сүрөтчү, архитектор. Архитектура союзунун мүчөсүмүн. Сүрөтчүлүк бала чактан келе жаткан хоббим. Кыргызстанды кыдырып чыккан соң “29-күз” аттуу китебимди чыгардым. Анда ыр саптарым жана сүрөттөрүм камтылган. Андан соң дүйнөлүк сүрөтчүлөрдөн айырмалануу үчүн “StringArt” деген ыкманы өздөштүрүп алдым. Бул жөн гана мык менен жипти байлоо эмес. Мунун терең мааниси бар. “Ар бир кагылган мык мен жана сен, ар бир тартылган жип ортобуздагы байланыш. Баардыгы биригип бир сүрөт жаралат” ошонун баары достуктун, ынтымактын, сүйүүнүн белгиси.

  • Сиз менен баарлашып отуруп ыр жазган талантыңызды байкадым. Демек, поэзия дүйнөсүнүн өкүлүсүз?

  • Бала кезимден ыр жазам. Апама, сүйүү жаатында, Кыргызстанга арнап ырларды жазып ырлар жыйнагын чыгардым. Буйруса кийинки беш жылда дагы бир чоң жыйнагымды чыгарсам деген тилегим бар.

  • Жакында Бишкекте дүйнөлүк “StringArt” көргөзмөлөр фестивалын өткөрүү боюнча коомчулукту жардамга чакырдыңыз. Жыйынтык кандай болууда?

  • “StringArt” ыкмасы деп жип менен мыктан сүрөт тартууну айтабыз. Бул Европада пайда болгон. Аталган ыкманы колдонгондор абстракттуу сүрөттөрдү жакшы тартышат. Дүйнө жүзүндө “StringArtтын” көргөзмөсү боло элек. Алгачкылардан болуп 1-көргөзмөнү өткөн жылы Дубайдан командам менен өткөрүп келдим. Анда 7-8 сүрөтүмдү койдук. Дубайдын королу Шейх Хамдандын галереясында өткөрүп, учурда сүрөттөрүм ошол жерде турат. Дүйнөлүк креативдүү таланттуу сүрөтчүлөрдүн эмгегин алып чыгуу үчүн чоң деңгээлдеги көргөзмөнү Бишкекте өткөрсөм дейм. Бул жөн гана көргөзмө эмес, 20-22ге жакын мамлекеттин улуу инсандарынын сүрөтүнө күбө болсок деген пландарым бар. Бул биринчиден Кыргызстандын атын чыгаруу, экинчиден маданиятка чоң салым кошуу. “StringArtтын” философиясы терең, мааниси чоң жана Манас атабыздын жети осуяты камтылган. Арадан канча жыл өтсө да мунун баардыгы тарых болуп калат. Максатым-масштабдуу көргөзмөнү уюштуруп алган соң, атайын “дөңгөлөктүү үйгө” керектүү буюмдарымды жүктөп алып, командам менен дүйнөнү кыдыруу. Бүгүнкү күнгө чейин 17 сүрөт тарттым. Карапайым элим, мекенчил агаларым колдоп келет. Жөө жолго чыккан соң мусаапырсың да. Тамак-аш, чай, жол кире, виза сыяктуу колдоо көрсөткөндөрү ич жылытат. Учурдан пайдаланып баардык мекендештерге, атама, командама, карапайым кыргыз элиме ыраазычылык айтам. Кудайым буйруса баары ишке ашарына ишенем. Акчасы жок адам кедей эмес, максаты жок адам кедей деген сөздү туу тутам. Багынтчу ийгиликтердин баары алдыда. Шахноза ЖУЗУП кызы 2017-жыл, октябрь.