Коом
Авиакаттамдар кайрадан жанданат
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Авиакаттамдар кайрадан жанданат
© Элита плюс

Тышкы иштер министрлиги жана башка ведомстволор эл аралык авиакаттамдарды жандандыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов брифингде билдирди. Анын айтымында, республикада эпидемиологиялык абал жакшы нукка өзгөрсө, анда башка өлкөлөргө авиакаттамдар ачылышы мүмкүн. Каттамдар алгач Орусияга, андан кийин Түркия, Казакстан жана Араб Эмираттары менен каттамдарга уруксат берилет. Учурда алгач кайсы багыттар боюнча ачылары такталууда. Өлкөдө пандемияга байланыштуу март айынан бери эл аралык каттамдар токтотулган. Андан бери Кыргызстандын чет жактарда жүргөн жарандарын мекенге кайтаруу алкагында чартердик каттамдар уюштурулуп келди. 20-марттан 22-июлга чейин жалпысынан 113 чартердик рейс менен 18 миң жүргүнчү ташылды.