"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Спорт
Атактуу жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер рингге кайтып келерин жарыялады
Элита плюс
Декабрь 08, 2020 г.
Атактуу жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер рингге кайтып келерин жарыялады
© Элита плюс
Америкалык жеңилбес мушкер Флойд Мейвезер YouTube блогери Логан Полго каршы беттеште рингге кайтып келерин жарыялады. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.
Маалыматка ылайык, беттеш 2021-жылдын 20-февралында болот. Азырынча мушташ өтө турган жер жарыялана элек. Эфирдин баасы 24,99 долларды түзөт.
Белгилей кетсек, 43 жаштагы Мейвезер карьерасын 1996-жылы баштаган. Ал акыркы беттешин 2017-жылдын август айында атактуу ирландиялык мушкер Конор Макгрегорго каршы өткөрүп, техникалык нокаут менен жеңип алган. Мейвезер жалпы карьерасында 50 беттеш өткөрүп, баарында жеңишке жетишкен.