"Ата-Мекендин" лидери алмашты
Элита плюс
Март 30, 2021 г.
"Ата-Мекен" парламенттик фракциясынын лидери алмашты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Өмүрбек Текебаевдин ордуна фракциянын лидерлиги Сайдулла Нышановго өттү.
Өткөн жылдын 15-октябрында Өмүрбек Текебаевдин депутаттык мандатын кайра кайтарып алып, парламентке келгендигине байланыштуу Айсулуу Мамашова "Ата-Мекен" фракциясынын лидерлиги кызматынан өз ыктыяры менен баш тарткан.
Текебаевдин мандатынын кайтарылышына каршы болгон акын Темирлан Ормуков БШКнын мындай чечимин жокко чыгаруу үчүн административдик сотко кайрылып утуп алган. 3-мартта Жогорку Сот Өмүрбек Текебаевди мандатынан ажыратуу боюнча буга чейинки соттун чечимдерин күчүндө калтырган.