Саясат
Асрандиев: Жыл аягына чейин бюджетке $400 млн түшпөй калышы мүмкүн
Элита плюс
Март 28, 2020 г.
Асрандиев: Жыл аягына чейин бюджетке  $400 млн түшпөй калышы мүмкүн
© Элита плюс
Асрандиев: Жыл аягына чейин бюджетке  $400 млн түшпөй калышы мүмкүн
© Элита плюс

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республикалык бюджеттен түшүүлөр 400 млн АКШ долларынын айланасында болушу мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер министр Эркин Асрандиев президент Сооронбай Жээнбеков менен болгон жолугушуу учурунда маалымдады.

Жолугушуу учурунда, коронавирус инфекциясынын жайылуусуна, ошондой эле өлкө аймагына өзгөчө кырдаал режиминин, айрым шаарлар менен райондорго өзгөчө абал режиминин киргизилишине байланыштуу экономикалык кесепеттерди азайтуу боюнча Өкмөттүн көрүп жаткан чаралары талкууланды.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өлкөнүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүнө терс таасирин тийгизип жаткан кырдаалды жөнгө салуу боюнча антикризистик чаралардын комплекстүү планынын негизги багыттары тууралуу маалымат берди.

Антикризистик чаралар планынын долбоорун иштеп чыгуу жыйынтыкталып калганын белгиледи.

Ал коронавирустун жайылуусунун өлкөнүн экономикалык абалына тийгизген кесепеттерин азайтууга багытталган чараларды ишке ашыруу боюнча республикалык штаб тарабынан калкка биринчи кезекте зарыл болгон товарларды үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыз кылуу боюнча ыкчам чаралар көрүлүп жаткандыгын баса белгиледи.

Үстүбүздөгү жылдын аягына чейин республикалык бюджеттен түшүүлөр 400 млн АКШ долларынын айланасында болушу мүмкүндүгүн маалымдады.

Буга байланыштуу бюджеттик системанын каржылык туруктуулугун сактоо жана бюджеттин чыгаша бөлүгүнүн каржыланбай калуу тобокелчиликтерин азайтуу боюнча бюджетти колдоо үчүн кошумча ресурстарды тартуу иштери жүрүп жатат.

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүнкү күндө түзүлгөн татаал экономикалык кырдаалда азык-түлүк коопсуздугун камсыздоого жана өлкөдөгү ишкерликти колдоого өзгөчө көңүл бурулушу керектигин белгиледи.

Мамлекет башчысы жаралган кырдаалдан улам ата мекендик экономикага болгон зыяндарга тыкыр талдоо жүргүзүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Мындан сырткары, өзгөрүлүп жаткан кырдаалга жараша жаңыланып туруучу комплекстүү антикризистик планды кечиктирбестен кабыл алуу зарылдыгын билдирди.

Ошону менен бирге Президент Сооронбай Жээнбеков эл керектөөчү негизги товарлардын бааларын көзөмөлдөөгө жана мониторингди күчөтүүгө көңүл буруп, өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында мамлекеттик органдар менен ишкерликтин ортосундагы тыгыз байланышты жолго коюунун зарылдыгын дагы бир жолу баса белгиледи.