Коом
Асрандиев: Мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 10 млрд сомго кыскарды
Элита плюс
Май 15, 2020 г.
Асрандиев: Мамлекеттик бюджеттин чыгашалары 10 млрд сомго кыскарды
© Элита плюс

«Жалпысынан мамлекеттик бюджеттин чыгашалары дээрлик 10 млрд сомго кыскарды. Деп билдирди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев брифинг учурунда.

Анын айтымында, кыскартуулар, биринчи кезекте, ар түрдүү сатып алууларга, унаалык чыгашаларга, иш сапарларга тийиштүү болду. Ошондой эле капиталдык салымдар боюнча дагы кыскартуулар олуттуу болду.

"Бирок бюджеттин корголгон беренелери – айлык акылар, пенсиялар жана жөлөк пулдар баштапкы толук көлөмдө сакталган, - деп билдирди  Асрандиев.
Ал белгилегендей, бүгүнкү күнгө чейин корголгон беренелер боюнча бардык милдеттенмелер төлөндү жана андан ары дагы бул милдеттенмелерди планга ылайык аткаруу мерчемделген.
«Капиталдык салымдар боюнча суу менен камсыздоого жана ирригацияга, унаа жолдорун оӊдоо боюнча кээ бир бөлүктөр, санариптештирүү жана сот системасын реформалоого байланышкан айрым бөлүмдөр сакталды», - деди Эркин Асрандиев.