Коом
Асрандиев: Казакстан ун жана буудай ташууга квота киргизди
Элита плюс
Апрель 01, 2020 г.
Асрандиев: Казакстан ун жана буудай ташууга квота киргизди
© Элита плюс

Казакстан Кыргызстанга ун жана буудайды квота менен берет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, өткөн бейшембиден тарта Казакстан чектөөлөрдү койду. Эми айына квота менен 30 миң тонна ун жана 30 миң тонна буудай ташылып келинет.

“Бул квотанын негизинде ун жана буудай келүүдө”, - деди ал.

Ошондой эле Асрандиев белгилегендей, казак тарап кечээтен тарта Чоң-Капка өткөрмө бекетинен өтүүлөргө чектөө коюп, эртең мененки саат 10дон кечки саат 19га чейин өтүү режимин киргизди.

“Бул тууралуу Кыргызстандын премьер-министри казак премьери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мен дагы Казакстандын вице-премьери менен сүйлөштүм”, - деди ал.

Мындан тышкары, вице-премьер кошумчалагандай, Россия өкмөтүнүн башчысына 100 миң тонна буудай берүүсү тууралуу кат жөнөтүлдү.