Саясат
Асрандиев: "Калк алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат"
Элита плюс
Октябрь 08, 2020 г.
Асрандиев: "Калк алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат"
© Элита плюс

Калк алдындагы бардык социалдык милдеттенмелер аткарылат. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиев актуалдуу маселелердин жыйындысын талкуулоо боюнча мамлекеттик орган жетекчилери менен болгон кеңешменин жүрүшүндө билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Мамлекеттик органдардын штаттык режимде иш алып баруусун улантуунун жана кыш мезгилине карата жылытуу мезгилине тийиштүү чараларды ыкчам ишке ашыруунун маанилүүлүгү белгиленди.

Тармактык мамлекеттик түзүмдөрдүн көңүлү коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу эпидемиологиялык абалды көзөмөлгө алууга, ошондой эле жугуштуу оорунун көбөйүү ыктымалдыгына даярдык көрүү боюнча бекитилген иш-чараларды аткарууга бурулат.

Мындан тышкары мамлекеттик компаниялардын ишин штаттык режимде улантуу зарылдыгы белгиленди.

«Бул оор мезгилде бардык мамлекеттик органдар жарандардын турмушун өз нугунда улантуусун камсыз кылуу үчүн жүктөлгөн милдеттерди аткаруу боюнча өз ишин күчөтүшү керек», - деди вице-премьер-министр Эркин Асрандиев.