Коом
Аскер прокуратурасы келтирилген 20 миллион 328 миң 757 сомдук зыянды мамлекетке кайтарды
Элита плюс
Декабрь 23, 2020 г.
Аскер прокуратурасы келтирилген 20 миллион 328 миң 757 сомдук зыянды мамлекетке кайтарды
© Элита плюс

Аскер прокуратурасы келтирилген 20 миллион 328 миң 757 сомдук зыянды мамлекетке кайтарды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата козголгон жазык иштеринин тергөөсү солгундап, жыйынтык чыкпай жаткандыгы туурасында маалыматтар тарады.

"2015-2020-жылдар аралыгында Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын кызмат адамдарына карата 21 жазык иши тергелип, анын жыйынтыгы менен мамлекетке келтирилген 20 миллион 328 миң 757 сомду түзгөн материалдык зыян ордуна келтирилген.

Ал эми тергөөнүн жүрүшүндө 13 жазык иши бир өндүрүшкө бириктирилип, анын жыйынтыгы менен 7 жазык иш соттун кароосуна жөнөтүлгөн, 1 иш кыскартылган. Башкача айтканда, бүгүнкү күндө Аскер прокуратурасынын өндүрүшүндө "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасына карата жазык иштер жок", - деп жазылат маалыматта.