Коом
Аскер дарыгерлери Ысык-Көлдө эс алышат
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Аскер дарыгерлери Ысык-Көлдө эс алышат
© Элита плюс

Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин түндүк жана түштүк аймактарындагы аскердик-дарылоо мекемелеринин медициналык кызматкерлери 14-августтан 29-августка чейин “Тамга” аскердик санаторийинде реабилитациядан өтүшөт. Бул тууралуу Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, июндан бери Бишкек жана Ош шаарларындагы аскер госпиталдарынын "кызыл зонада" үзгүлтүксүз иштеген аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө, ошондой эле коронавирус инфекциясы бар кызматкерлерге кесиптик жардам көрсөткөн медицина кызматкерлери ден соолугун чыңдашмакчы. Кошумчалай кетсек, аскердик-дарылоо мекемелериндеги кызматкерлерге Россиянын аскердик дарыгерлери вирус менен күрөшүүдө чоң колдоо көрсөтүшкөн.