Коом
Аскер АЛИЕВ, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин директору: “Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча мыйзам кабыл алуу зарыл”
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Аскер АЛИЕВ, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин директору:  “Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча мыйзам кабыл алуу зарыл”
© Элита плюс
Аскер АЛИЕВ, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин директору:  “Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча мыйзам кабыл алуу зарыл”
© Элита плюс
Аскер АЛИЕВ, Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигинин директору:  “Маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча мыйзам кабыл алуу зарыл”
© Элита плюс

Былтыр Түштүк-Батыш көрүстөнүндөгү көр сатуу боюнча телеберүү эфирге чыккан. Иликтөөдө көр сатуу менен катар эле качантан бери катылып келаткан бир топ кыңыр иштердин бети ачылган. “Уурусу күчтүү болсо, ээсин доого жыгат” демекчи, ошол ыплас иштердин башында тургандар Аза кызматын көрсөтүү агенттигинин башчылыгына жаңы гана кызматка келген Аскер Алиевге көө жабуу, аны кызматтан тез эле кетирүү аракетин көрүшкөн. Ак ийилет, бирок сынбайт. Учурда көрүстөндөгү коррупциялык иштер мыйзам алдында иликтенип көр саткан чыныгы адамдардын жүзү ачыкталып отурат. Биз атайын аталган агенттикке барып бүгүнкү күндө аткарылып жаткан иштер туурасында кабар алдык. Агенттиктин директору Аскер Алиев: “Бакпай балээ, жакпай жалаа деген жаман экен. Кылбаган нерсени кылды кылышып артыман көө жабылганда аябай жаман болгом. Бирок Кудай деген бар экен, минтип баары ачыкталып отурат”, - деп сөзүн баштады.

  • Аскер Тукешович, Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигин жетектер менен каралоого тушуккансыз. Бирок ал убакта сизге көө жапкандарга быйыл жылдын башында Каржы полициясы тарабынан айып коюлган экен. Дегеле Түштүк-Батыш көрүстөнүндө жер саткандар өз жазаларын алыштыбы?

  • Кара пиарбы же каралоо дейбизби, айтор, бул иштердин башы 2018-жылдын март айына барып такалат. Анда мен бул агенттикте иштегениме 3 ай эле болгон. “Кактус” сайтына мен тууралуу жалган маалыматтар чыккан. Анда мага жыландын башын көрсөтүп жатышканын байкабаптырмын. Ал материалда мен ошол кездеги Бишкек шаарынын мэри А. Ибраимовго жума сайын 60 миң сомдон берип турат экем. Окуп алып аябай таң калып, ал тургай, ал түнү уктай албай чыккам. Ошол окуядан көп өтпөй ызы-чуу болорун сездим, күттүм. Бирок андай эч нерсе болгон жок. Мен күмөн санаган кишилер менен да сүйлөшүп көрсөм шек жараткан эмес. Анда да мени жалгыз жазбай, “Бишкек асфальт сервис” муниципиалдык ишканасынын жетекчиси экөөбүздү жазышыптыр. “Кактус” сайты экөөбүздү жазыптыр, муну кимдир бирөө жаздырган. Ким экенин билесиңби? Эмне себептен мындай жазып жатышат?” – деп ал жигиттен сурасам, ал “Кактуста” иштеген, ошол материалды жазган журналист менен байланышып туура эмес, чындыкка коошпогон жалган нерсе жазганын, эгер сотко берсек, соттон утуларын айтыптыр. Бизде сөз эркиндиги күч эмеспи, ошону пайдаланып жазса керек. Анткен менен көпчүлүк менин андай ишке барбашымды билишет. Мени жакшы тааныгандар ал жазылгандарга ишенишкен жок. Андыктан ага анча деле маани берген жокмун. Бирок кандайдыр бир саясий чабуулга даяр болдум. Мени өкүндүргөнү - көрбөсө да көргөндөй сүйлөп ММКлар аркылуу мен жөнүндө жалган каралоо таратып, өздөрүнүн артын ойлобогон опсуз жоруктуу адамдар болду. Кылмыш-жаза кодексинин 344-беренесинде ММКлар аркылуу жалган жалааны тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Мен аны билсем да кечиримдүүлүк, айкөлдүк менен карап койдум. Бирок ошол бойдон токтогон жок. Каралоонун 2-этабы бюджетти бекитип жатканда башталды. Атын айтпай эле коёюн, таасирдүү адамдар мага ачык эле чабуулду башташты. Аны да кечирдим. Ошентип, майда КТРК аркылуу 7-8 жыл мурдагы иштерди мага чаптап, агенттиктин иши туурасында репортаж уюштурулду. Түштүк-Батыш көрүстөнү 2012-2015-ж.ж. коррупциянын чордону болуп, коррупция жасап жүргөндөрдүн бири орто билими дагы жок адам болуп чыкты. Кара пиар ушул адамдын жалган жалаасы менен уюштурулган. Орто билими жок адам жогорку билимдүү, жогорку даражадагы таасирдүү инсандарды ишендиргенине алигече таң калам. 2014-2016-жылдары тирүү адамдарга болжол менен 60тай бош орун жер сатылып, ал турсун, эстелик да коюлган. Каралоонун эң негизги максаты ушундай нерселерди жокко чыгаруу үчүн болгон аракет экен. Бул жагымсыз көрүнүштөргө комиссия түзүп иликтете баштаганымда “бул бизди жөн койбойт” деп тынчсызданып, мени каралашып, кызматтан кетирип, ордума ошол 2015-жылга чейинки убактагы чоң коррупциялык схемаларды түзгөндөрдүн бирөө келмек экен. Аны кийин 2018-жылы түшүндүм. Анын баарын кылып жүргөн адамдардын кылык-жоруктарынан билдим. Анткен менен бүгүн чындык ордуна келди. Убагында отчёт берип, акт түзүп шаардык прокуратурага өткөргөнбүз. Ошондо “бош орундардын санын азайтып жаз” дешип орун басарыма телефон чалышкан. Муну коомчулук билиш керек. Учурда тергөөчүлөр иш алып барууда. Себеби бош орундарды алгандардын ысымдарын толук тактап, табууга убакыт керек. Айрымдары тергөөдөн качып келбей иштин жүрүшүн кечеңдетишүүдө. Мен тараптан тергөөгө керектүү бардык документтер берилген. Күнөөлүүлөрдүн баарына кылмыш иши козголуп, Каржы полициясынын тергөөчүлөрүнүн мыкты иш алып баруусунан мурда жабылып калган кылмыш иштери кайрадан ачылып, учурда сот жообуна үч адам тартылып, “агенттикке келген чыгымдан 773 906 сом өлчөмүндөгү каражат кайтарылып берилсин” деген соттун чечими чыкты. Өкүнгөнүм - мага кара пиар уюштуруп, жогору жактагыларды көндүргөн орто билими жок адам жоопко тартылбай калды. Анткени ал ошол убакта жөнөкөй жумушчу болуп көр казып иштеген.

  • Моралдык укугуңузду тебелегендердин үстүнөн арыз жазсаңыз болмок го?

  • Башканы айтпайын, “Кактус медианы” сотко берсем, жүз пайыз утмакмын. Бүгүн кимдин ким экени ачыкталды. Жашыруун жатып, кара пиар уюштургандардын аты аталды. Эми алар өздөрү менен өздөрү эки жаат болушууда. Орто билими дагы жок адам менен соттошуп, анын деңгээлине түшүп, убактымды ден соолугумду короткум келген жок. Мыйзамды билбеген, жоопкерчиликсиз адамга теңелип эмне кылам. Көп жерде иштедим. Артымда бир дагы жаман сөз калган эмес. Мурда бирге иштегендерим менен кай жерде жолукпайын, саламым түз. Кара пиарга чулганып башыман кара булут айланганда да жакшы сөздөрүн айтып колдогондор болду. Ушундай деңгээлим менен ага теңелгим келген жок. Болбосо сотко берүү анчалык деле оорчулукка турбайт болчу.

  • 2010-жылы апрель окуясынан кийин да 1-Май районунун акими катары бир топ кыйынчылыктарды баштан кечиргенсиз. Ал күндөр эсиңиздеби?

  • Албетте, ал окуяны сөз менен сүрөттөө кыйын. 7-апрелде түштөн кийин милиция кызматкерлери жок, шаарда башаламандык, мурдагы жетекчилик өлкөдөн качып, Убактылуу өкмөт түзүлүп, бирок алар да өз ишин толук кандуу баштай элек болчу. Ал учурда шаардын турмуш-тиричилиги токтогон жок. 1-Май району борбордун ортосунда жайгашкандыктан эл суу, газ, электр жана башка коммуналдык кызматтардан өксүбөшү керектигин сезип болгон жоопкерчиликти өз мойнума алдым. Коммуналдык кызматтар менен тыгыз байланышып иштей бердим. Азыркы вице-мэр Рыспек Сарпашев 1-Май району боюнча “Тазалык” ишканасынын башчысы эле. Ага чалып түнү менен көчөлөрдү калыбына келтирип, иреттеп, таштандыларды тазалоо зарыл экенин айтып тапшырма бердим. Борбордо өлкөнүн туш тарабынан келген жаштар жүрдү. “Акимчиликти тонойбуз, өрттөйбүз” дегендер чыкты. “Бул имарат - эл байлыгы, саясатка эч кандай тиешеси жок”, - деп түшүндүрүп, элдик кошуундарды уюштуруп, акимчиликке күзөтчү коюп сактап калдык. Антпесек акимчиликти чын эле өрттөп кетишмек. Элдик ыктыярдуу кошуундардын жардамы, күчү менен акимчиликти эле эмес, шаар көчөлөрүн кайтарып көп иштерди кылганбыз. Анда 200-300 киши топтошуп алып жер басуулар да күчөгөн.

  • Ошондо “анча-мынча курал-жарактар элдин колуна тарап кеткен” дешет. Тартип бузуп, бейбаштык кылгандар да кездешсе керек?

  • Ооба. 8-апрелде И. Өмүркулов жаңы мэр болуп келип, бүт жетекчилерди чогултуп шаарды тартипке келтирүү, элди тынчтандыруу, өлкөдөгү абалды стабилдештирүү жана улуттар аралык мамилени бекемдөө сыяктуу тапшырмаларды берди. 8-апрелдин түнүнөн баштап Коргоо министрлигинин куралданган аскерлери унаа менен көчөлөрдө жүрө баштады. Эсимде, 8-апрелдин түнү орун басарым экөөбүз кызматтык унаа менен Киев көчөсүндө кетип баратсак, Военторгго жеткенде топтошкон 17 жеңил унаада куралданган жаштар терезелеринен чыгып алып асманга ок чыгарып тарсылдатып келатышыптыр. Биз карама-каршы тилкеде болчубуз, кайрылып артынан түштүк. Ошол убакта алар бизге карай ок чыгарышты. Жолдун жээгиндеги троллейбустун зымдары үчүн орнотулган темир тумбаларга жашынып, Кудайга шүгүр, эч кимибиз жаракат алган жокпуз. Дароо мэрге, милицияга, куралдуу күчтөргө кабарладык. Баягы топ көчөлөргө кирип-кирип таркап кетишкен. Телефон аркылуу байланышып жатышты окшойт. Түнкү саат 12де Манас-Москва көчөлөрүнүн кесилишинде кайра чогулушту. Коркуп турган шаар элинин коопсуздугун ойлоп алардын изинен түшүп издеп, ошол түнү Коргоо министрлигинин аскерлери, айрым бир милиция кызматкерлери менен бирдикте түн ортосунда ал топту таркатып жок кылганбыз.

  • 2010-жылы 19-апрелде да сиздердин аймакта жаңжал чыкканы маалым...

  • Туура. Эң негизги кульминация 19-апрелде болду. Ага чейин мурдагы бийликтин убагында иштеген акимдерди иштен кетирүү саясаты жүрүп жаткандыктан мен да кызматымды тапшырып берүү үчүн арызымды жазып 19-апрелде эртең менен мэрге баратсам 1-Май аскер комиссариатынын комиссары чалып өтө опурталдуу абал түзүлгөнүн, Маевкадан Жаш Гвардия көчөсү менен өйдө көздөй 3 миңге жакын адамдар (айрымдары мас, айрымдары беткап кийген) колдоруна таяк, темир, таш алып алып жол жээгиндеги токтоп турган автоунааларды, кичи дүкөндөрдү талкалап келе жатканын айтты. Угар замат айдоочум менен Маевкага жөнөдүм. Жибек Жолу-Жаш Гвардиядагы айлампага жеткенде ылдый жактан ызы-чуу болуп келаткан топту көрүп унаадан чыгып, адамдарды карай басканда мэр И. Өмүркулов да келип калды. Экөөбүз үн-сөзү жок эл тарапка бастык. Жол жээгинде штаттык кийинген 10-15 орган адамдары бизди карап турушту. Жаалданган элди токтотуу өтө кыйын болду. Ошондо чоң чеберчилик, дипломатиялык жол менен элдин кадамын токтоттук. Эл тегеректеп алып сөз укпайт. Жолдун чекесинде турган Портер унаасын айдатып келип үстүнө мэрди чыгардым. Кийин эл мэрдин сөзүнө маани берип уга баштады. Мен элдин арасында өтө ачууга алдыргандар менен жеке сүйлөшүп тынчытуунун аракетин көрдүм. Аңгыча кирпичтин сыныгы мэрдин башынан кайып өттү. Эгер башына тийгенде жарандык кагылышуу чыгып кетиши толук мүмкүн эле. Азыркы мэр Суракматов анда шаардык кеңештин төрагасы болчу. Ага дароо байланышып мэр жалгыз болуп жатканын, келип жардам берүүсүн сурандым. Маевкада ызы-чуу башталганда милиция кызматкерлери 10 чакты кыргыз жигитти кармап кеткен экен. Мэр менен Суракматов элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканда ИИМге барып камалган балдарды чыгарып, элге кабарлаганда эл бир аз тынчыды. Узакка созулган түшүндүрүү иштеринен кийин элди кайра шаар сыртына чыгарып таркаттык. Бул тарых. Тарыхты баалаш керек. Кыйын кырдаалды жөнгө салуу - чоң чеберчилик. Ушул эмгек бүгүнкү күнгө чейин бааланбай келет. Ошол кездеги мэрдин, шаардык кеңештин төрагасынын, 1-Май районунун акими - менин ушул иштерибиз айтылган деле жок. 3000 адам - чоң күч, алар шаарга каптап кирсе кырдаал кандай болуп кетер эле? Сырттан карап турган 2-3-күчтөр элге кошулуп ошол кырдаалдан пайдаланып кетмек. Бирок Кудай сактап аны жөнгө салып, токтотуп калганбыз.

  • Ал эми акимдик кызматтан кетүү боюнча жазган арызыңыз эмне болду?

  • Ал күнү кечке ызы-чуу менен жүрүп тарадык. Эртеси мэр чалып: “Башкы максат - шаарда ызы-чууну стабилдештирүү. Буга сиздин колдооңуз керек”, - деген сөзүн айтып ордумда калып иштешимди суранды. Мен Убактылуу өкмөт эмне дээрин сурадым, мэр аларга 19-апрелдеги ишти айтып бергенин, бул алардын тапшырмасы экенин билдирди. Ошентип, 1-Май районунда жалпы 9 жыл жетекчи болдум. Ортодо эмне деген митингдер, эмне деген кыйынчылыктар болгон жок. Митингдерди, радикалдуу күчтөр тарабынан кагылышуу болордо да тынчытып кызматтык милдетимди так аткардым. Ал эмгегимди мэр баалап 2017-жылдын аягына чейин кызмат кылдым. Ошончо турмушту басып, ошончо кызматты аркалап, анан кантип мен көр сатам? Башынан мен башаламандыкка, ыплас иштерге каршымын. Тескерисинче, иретсиздикти иретке, тартипсиздикти тартипке келтирүүгө жан үрөйм. Аза кызматтарын көрсөтүү агенттигине келгени жумушчулардын айлыктарын көбөйттүм. Жаңы техникаларды алдык. Акыркы жылдары солгундап калган агенттиктин иштери учурда Кудайга шүгүр. Жаңы мыйзам жазып, аны ордуна коюу керек. Бизде маркумду акыркы сапарга узатуу боюнча мыйзам жок. Мыйзам долбоору каралган менен чийки жерлери көп. Аны кайрадан жаңыртып чыгуу зарыл. Мол эмгек тажрыйбам менен бул агенттикте иштебейм деп койсом деле болмок, бирок элге кызмат кылсам деген ниетте, жогоруда айткандай, иштер мени бул жакта кармап жатат.

  • Кээде тажап басып кеткиңиз келеби?

  • Чынында, мындай жерде иштей турган адам эмес элем. Бирок бул тармак таптакыр каралбай калгандыктан ишти жакшы нукка бурсам дейм. Учурда көп маселелер чечилди. Дагы чечиле тургандар бар. Тейлөөнү жакшыртуу зарыл. Ошондой эле эмки милдет мыйзам кабыл алдырып, жаңы эрежелерди быйыл шаардык кеңеш караса, анда ого бетер иш жеңилдемек. Буга чейин эски жобо менен иштеп, жетекчилер бат-бат алмашып, иштин көзүн таба электе түшүнүп-түшүнбөй кетип калышчу. Бул тармакка баштарын ооруткусу келбеген. Анын үстүнө көрө албастык, кара пиар деген күч. Коррупцияга илешип алышып, андан чыга алышкан эмес.

  • “Ит күлүгүн түлкү сүйбөйт” демекчи, акыйкат иштейм деп бир топ адамдарды душман арттырдыңыз. Жеке өзүңүзгө да коркутуу-үркүтүүлөр болгондур?

  • Түзмө-түз, тикелей коркутуулар болгон жок. Бирок кыйыр түрдө “антип коём, минтип коём” дегендер болгон. Акыркы учурда алар деле өз кемчиликтерин түшүнүштүбү, айтор, азыр тынч. Мен былтыр эле “бул кызматтан кетем” деп мурдагы мэр менен убадалашкам. Ага жетпей мэр өзү кетип калды. Аңгыча жанагындай ар кандай күчтөр ызы-чууну баштап коюшту. Ошону менен арканы жок, жиби жок бул жерде байланып отурам.