Коом
Аскар Акаевдин университеттердеги лекциялары жокко чыгарылды
Элита плюс
Май 22, 2023 г.
Аскар Акаевдин университеттердеги лекциялары жокко чыгарылды
© Элита плюс

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин лекциясы Улуттук илимдер академиясында, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде жана Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде болбой турган болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Ведомстводон Аскар Акаевге министрлик тарабынан лекция өтүүгө чакыруу болгон эместигин айтышты.

"Лекциялар жогорку окуу жайлары тарабынан гана пландалган. Коомчулук арасындагы терс реакциядан улам, Аскар Акаевдин өтүүсү мүмкүн болгон сабактары жокко чыгарылды", - деп Билим берүү жана илим министрлиги кабарлашты.