Ийгилик сыры
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер: «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
Элита плюс
Декабрь 07, 2020 г.
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс
Асел БАЙЫСБЕКОВА, кондитер:  «Түн жарымга чейин иштесем дагы эч чарчабайм»
© Элита плюс

Асел - 4 баланын энеси. Ал учурда бала бакчада бийден сабак берип, үй тиричилиги, үй-бүлөсү менен катар торт жасап саткан бизнес-леди айымдардын бири. Көп жылдар бою бийчилик өнөр менен алектенип, кондитерлик тармакка аралашуусунун негизги себептерин, азыркы кесиби жан дүйнөсүнө жакын экенин айтты. 

- Асел кондитердик кесипти кантип тандап калдыңыз?

- Төртүнчү наристем боюмда бар кезде таттууга абдан талгак болдум. Ошондо жолдошумду күн сайын таттууларга жөнөтө берчүмүн. Бир күнү жолдошум: «Алтыным, ушуларды үйрөнүп алып мени кыйнабай өзүң эле жасап алчы», - деди. Көпкө ойлонуп, чынында эле эмнеси оор, жасап көрүшүм керек деп интернеттен издеп үйрөнө баштадым. Балдарымдын өздүк майрамында сөзсүз торт буйрутма берип, алардын ар биринин өзгөчөлүгүнө маани берип, курамын өзүмө сактап алчумун. Алгач өзүм үчүн жасап көрүп, даамы жасалгасы дагы өзгөчө болгонун сезип кубандым. 10 жылдан бери бала бакчада хореографиядан сабак берип иштеп келгем. Убакыт өткөндө бийчиликтен чарчап калат экенсиң. Ал эми кондитердик кесип, тескерисинче, убакыт өткөн сайын жаңы идеяларга байытып, тажрыйбалуу кылат. Андыктан кондитердик кесипти жан дүйнөмө жакын кабыл алып, берилүү менен иштеп калдым.

- Бизнес кылуу качан жана кантип жаралды?

- Торт жасап сатып бизнес кылам деген ой болгон эмес. Бир жолу интернет баракчабыздан сүрөтүбүздү бир таанышыбыз көрүп «тортту кайдан буйрутма берип алдың?» деп жазып калды. Мен өзүм балдарыма жасап бергенимди айтсам, «мага дагы жасап берчи», - деп калды. Кийин туугандарыбыз дагы «Асел, сенден эч нерсе кереги жок. Баягы таттуу тортуңду жасап келчи» дей беришти. Ошентип, жакындарымдын талабы, суранычы чоң бизнеске айланып кетти.

- Торт жасоонун кыйынчылыгы жана жыргалы эмнеде?

- Кыйынчылыгы өтө көп убакытты талап кылганында. Ошол эле буйрутманы телефон аркылуу алыш үчүн кардар менен 1 сааттан ашык сүйлөшүүлөр болуп калат. Жыргалы тортуңду алып кеткен кардар ыраазычылыгын билдирип, сүрөттөрүн жөнөтүп койсо өзүмдү бактылуу сезем. Ар бир тортту өзгөчө берилүү менен жайдары маанайда жасайм. Иш убактым түн жарымга чейин созулуп кетсе да эч качан чарчабайм. Тескерисинче, эртеңки торттордун кооз жасалгаларын жасап, муздаткычка салып, логотиптерди чаптап коюп, анан тынч уйкуга кетем. Бирок ошол уйкуга чейин да «ии, эртең тортту алып кеткенде кандай кабыл алат болду экен? Жагабы? Эмне деп жазат? Же унчукпай коёбу?» деген ойлор менен кабатырлана берем. Алгачкы жолу тааныбаган адамдан буйрутма алган күнүм ушул күнгө чейин эсимде. Түнү менен уктабай терең ойлонуп «жакпай калбаса экен?!» деген коркуу сезимдер менен кардарга бергенче шашкам. Бергенден кийин ал эжени чалып, жазат деп аябай күттүм. Бирок эртеси чалды. Телефондо номери чыгып коңгуроо келсе жүрөгүм бир башкача согуп баштады. «Алсамбы? Албасамбы? Эмне дейт?» деген ойлордун курчоосунда бир топтон кийин алдым. Эже: «Аселка, тортуң абдан даамдуу болуптур. Конокторум сени сурап жатат. Колуңа береке! Рахмат!» - деп дагы 2 торт буйрутма берди. Ошондон кийин эч коркпостон буйрутмаларды кабыл ала баштагам.

- Азыр дүкөндөрдөн даяр торттордун жүздөгөн түрүн тапса болот эмеспи, сиздин торт эмнеси менен өзгөчө?

- Башка торттордон айырмачылыгы - жалаң табигый азык-түлүктөрдү колдоном. Ошол эле бирөөнүн келбетин жасаш үчүн жалаң гана желе турган азыктардын болуусуна басым жасайм. Негизи эле торттун жасалгасына өзгөчө маани берип, торттун үстүндөгү бардык кооздуктар желип кетсе деп ниет кылам.

- Күнүнө канча буйрутма аласыз?

- Азыр балдарым менен үйдө болгондуктан бир күндө 6-7 торт жасаган учурларым болот. Ал эми торттун 10 түрүн жасаганды билем. Бирок менин кардарларымдын көпчүлүгү 2-3 торттун түрүн эле кайталап буйрутма бере беришет. Жанымда бир дагы жардамчым жок. Азырынча жалгыз эмгектенип жатам. Кээ бир чоң тортторду же көп буйрутма болуп калганда сиңдилеримди, апамды чакырып балдарымды карап берүүсүн суранам. Мындай сунушумду эч ким четке какпайт. Тескерисинче, апам баш болуп колдорунан келген жардамдарын аябай, колдоп турушат.

- Бул нерсени кирешелүү булак деп айтууга болобу?

- Киреше күтө электен мурун чыгаша катары көп изденип, акча төлөп окуп, токтоп калбай арты-артынан үйрөнүп, өнүгүп-өсүүгө көп чыгым коротсоң, кийин кайра ошончолук көп кирешелүү боло аласың. Кардарлардын ишеничине кирип алсаң гана көп киреше табасың. Ошондуктан таланты, шыгы бар кондитердик тармакты өздөштүрө алган адамдар үчүн бул кирешелүү булак деп айтууга болот.

- Тажрыйбаңызды башкалар менен бөлүшүүгө даярсызбы?

- Учурда интернет аркылуу «мастер-класс өтөсүзбү?” деген сунуштар көп түшүп жатат. Бирок ошол нерсени ойлонуп жүрөм. Себеби өзүң билген нерсени башка бирөөгө үйрөтүш абдан кыйын. Анан дагы ал адам ошончо кыйналып үйрөнгөн соң иш тажрыйбасын улантып, иштеп кетсе жакшы, убактысын коротуп алып таштап койгону туура эмес. Учурда атайын курстар абдан көп. Баасы 200 доллардан жогору. Мен андай кымбат баада эмес, ченемдүү орто баада же жөн гана торт жасаганга кызыккан, үйдө балдары менен отурган, жардамга муктаж айымдарга кайрымдуулук кылып бекер мастер-класс өтсөм деген тилегим бар. Себеби ар бир эне балдарына өзгөчө таттууларды жасап бергиси келет. Азыр торттордун баасы өтө кымбат, курамында ар кандай ден соолукка зыян алып келүүчү азыктар бар. Ошондуктан ар бирибиздин балдарыбыз ден соолукта өссүн десек, үйрөнүп алып үй шартында деле жасап берүүгө эмне жетсин. Эгер кааласа, жакшы өздөштүрө алса, үйдө отуруп алып деле үй-бүлөлүк казынага салымын кошуп чакан бизнес чөйрөсүнө аралашып алса кандай сонун. Негизи эле айымдар жолдошторуна көз каранды болбой, өздүк капчыгын толтурса, көп кыйынчылыкты жеңе алат.

Асел айымдын колунан жаралган таттуу тортторго буйрутма берүүнү кааласаңыз, Инстаграмдагы tort_magic баракчасына же 0554 061 786 телефон номерине чалып байланышсаңыз болот.

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА