Саясат
Артём Новиков: "Каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүшүбүз керек"
Элита плюс
Ноябрь 26, 2020 г.
Артём Новиков: "Каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүшүбүз керек"
© Элита плюс

Өкмөт башчынын милдетин аткаруучусу Артём Новиков өздүк каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүү керек экендигин айтты. Бул тууралуу ал кечээ, 25-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Ички ресурстарды натыйжалуу пайдаланып, өздүк каражаттардын эсебинен жашоону үйрөнүшүбүз керек. Биз, Бюджет кодексине кийинки жылдын чыгымдары мурунку жылдын кирешесинен ашпашы керек деген норманы киргизишибиз керек. Бюджетти түзүүдөгү мамилени өзгөртүү зарыл. Бардык социалдык милдеттенмелер, мамлекеттик карызды төлөө жана бюджеттин корголгон беренелери боюнча башка чыгымдар салыктык түшүүлөрдүн эсебинен гана каржыланат. Тышкы жардам экономикалык өнүгүүгө гана багытталат жана кайтарым мүнөзгө ээ. Албетте кийинки жылы калкты иш менен камсыз кылуу өкмөттүн артыкчылыктуу багыты болуп саналат", - деди Новиков.

Өзгөчө көңүл экономиканы калыбына келтирүү жана аны туруктуу өнүктүрүүгө бурула.