Коом
Арстан Алай президенттик шайлоого катышуу арызын жазды
Элита плюс
Ноябрь 02, 2020 г.
Арстан Алай президенттик шайлоого катышуу арызын жазды
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

Борбордук шайлоо комиссиясы Президенттик шайлоого катышууну каалагандардын билдирүүлөрүн кабыл алууда. Бүгүнкү күндө төрт талапкер шайлоого катышуу ниетин билдирди. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, биринчилерден болуп "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаров арыз жазган, андан соң өзүн кудаймын деп тааныган (Арстан Алай) Арстанбек Абдылдаевден арыз келип түшкөн. 

Аны менен катар Кыргызстандын президенттигине талапкерлигин көрсөтүү боюнча 38 жаштагы “Байыркы көчмөн цивилизациясы” тарыхый-маданий мурасты жана рухту кайра жаратуу коомдук фондунун башкаруучулугунун төрагасы Кубан Чороев арыз берген. Төртүнчү болуп “Лига-Антикризис” коомдук бирикмесинин президенти, 58 жаштагы Назарбек Нышанов талапкерлигин өзү көрсөтүп БШКга кайрылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын президентин шайлоо күнү 10-январга белгиленген.