Дүйнөдө
Аргентина вакцина өндүрөт
Элита плюс
Август 18, 2020 г.
Аргентина вакцина өндүрөт
© Элита плюс

Оксфорд университети жана «AstraZeneca» компаниясы кызматташтыкта иштеп чыккан COVID-19га каршы вакцинаны Аргентина Мексика менен биргеликте өндүрөт. Ал Бразилияны эске албаганда, Латын Америкасынын өлкөлөрүн камсыз кылууга арналган. Өлкө башчысы Фернандес вакцинанын үстүнөн жүргүзүлүүчү иштер аягына чыга электигин билдирди. Бирок клиникалык текшерүүлөрдүн III фазасынан кийин, 2021-жылдын биринчи жарым жылдыгында эмдөөчү каражат калкка жеткиликтүү болору күтүлүп жатат. Ар бири 3-4 доллар турган 250 миллион даана вакцина өндүрүлөрү божомолдонууда.

Эске салсак “AstraZeneca” фармацефтикалык компаниясы активдүү фармацевтикалык каражаттарды өндүрүүчү аргентиналык “mAbxience” лабораториясын тандап алган. Ал эми мексикалык “Liomont” компаниясы болсо препараттын рецептин жана таңгактоо милдетин өз мойнуна алган. Ал арада, Аргентинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги бул “жападан жалгыз альтернатива эместигин”, өлкө дагы башка потенциалдуу жеткирүүчүлөр менен да сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын билдирди.